Мен жана дүйнө 4-класс тема: Өнөкөттөр
Читать

Мен жана дүйнө 4-класс тема: Өнөкөттөр

Cкачать презентацию: Мен жана дүйнө 4-класс тема: Өнөкөттөр

Вставить эту публикацию

Вставить код

    Ничего не найдено.
Click here to cancel reply.

Презентация по слайдам:


Слайд #1

Мен жана дүйнө

Слайд #2

Тема:
Өнөкөттөр

Слайд #3


Сабактын максаты:
1.Өнөкөттөр боюнча маалымат алышат.
Пайдалуу жана зыяндуу өнөкөттөрдү айырмалай алышат.
2 .Ой жүгүртүүңөр, эске сактооңор жана жакшы сапаттарды өнөкөткө айлантууга аракеттенесиңер.
3 .Алган билимиңерди турмушта колдонууга тарбияланасыңар.

Слайд #4

Адамдагы эң биринчи байлык - ден соолук.


Слайд #5

Ден соолук-бул толук физикалык, руханий жана социалдык абалдын бейпилдиги. Руханий ден соолук биздин акыл эсибиздин ден соолугу жана денебиздин физикалык саламаттыгы.
Адамдын ден соолугу -жаратылыштын баа жеткис белеги. Ден соолукту жок кылууга болот, бирок аны эч нерсеге сатып алууга болбойт.Дени сак болуу үчүн сергек жашоо образын жүргүзүү керек.

Слайд #6

Өнөкөт-бул адам кайра-кайра кайталай берген таасир.Ал бара-бара керектөөгө айланып кетет.

Слайд #7

Өнөкөттөр пайдалуу жана зыяндуу болот.Эгер силер эртең менен дайыма көнүгүү жасасаңар ал өнөкөткө айланып, силерге ырахат алып келет.Ден соолугуңар да чың болот.

Слайд #8

Пайдалуу кандай өнөкөттөрдү билесиңер?

Слайд #9

Таза жашоо мүнөзү

Слайд #10

Зыяндуу өнөкөттөр
Зыяндуу өнөкөттөр адамдарга тоскоол болот.Мисалы телевизорду көпкө көрүү, жолдошторуңардын сөзүн бөлүү, тырмакты кемирүү жана сабакка кечигүү.

Слайд #11

Зыяндуу
өнөкөттөр

Слайд #12

Алкоголь-бул курамында спирт бар суюктук. Аны ичкендер мас болот. Бардык жаш курактагыларга зыяндуу. Ал организмди талкалап, кээ бирөөлөр ага көз каранды болуп, оор дартка дуушар болот.

Слайд #13

Баңгизат-бул мээни айландырган нерсе. Алар ден соолукка чоң зыяндарды алып келет.Биринчи байкоо аракетинен эле көз каранды болуп калган учурлар көп. Андыктан эч качан байкап көрөлү дебегиле.

Слайд #14

Адамдар чылым чеккенде сигареттеги тамеки акырындап күйүп, түтүн пайда болот.Түтүн менен ыш өпкөгө чогула берет. Дем алуу оордойт. Чылым чеккен адамдын өпкөсү кычкылтекти жетиштүү түрдө ала албайт.Ошондон улам эске тутуусу начарлайт, бир нерсеге болгон кызыгуусу азаят, көзү начарлап, кулагы катуулайт. Организм тез чарчап, булчуңдары көпшөк тартат.Чылымдан чыккан түтүн аны тарткан адамга эле эмес, жанында тургандар үчүн да зыяндуу.

Слайд #15

Бардык пайдалуу жана зыяндуу өнөкөттөрдү адам өзү иштеп чыгат.Пайдалуу өнөкөттөргө ар дайым кыйынчылык менен жетет.Ал эми зыяндуу өнөкөттөргө бат эле көнүп кетет, а түгүл башында ырахат алат.Пайдалуу өнөкөттөр гана адамды жакшылыкка жеткирет. Андыктан балалык чактан баштап пайдалуу өнөкөттөргө көңүл буруу зарыл.