"Стем багытынын артыкчылыктары"Презентация (мугалимдерге)
Cкачать презентацию: "Стем багытынын артыкчылыктары"Презентация (мугалимдерге)
Презентация по слайдам:
Слайд #1
_
STEM БИЛИМ БЕРҮҮ
ЖАНА
АНЫН КЕЛЕЧЕГИ
PISA 2025 даярдыгын алкагында

Слайд #2
2
STEM билим берүү
S – science/ табигый илимдер
T – technology/ технология
E – engineering/ инженердик искусство
M – mathematics / математика
STEM, STEAM, STREM

Слайд #3
3
STEMге дүйнөнүн кызыгуусу
Дүйнөлүк эмгек рыногунда STEM адистерге суроо-талап жогору
АКШда 10 жылда STEM адистерге муктаждык 76%га жогору болуп, 10 млн STEM адис керек болот, STEM студенттерге 36 айга кеңейтилген виза берилет
Америка өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыты болууда, айлык акысы жылына орточо – $86 980, жылдык орточо айлык – $39 810
РФда санарип технологиялар жаатындагы адистерге муктаждык учурда 222 миң, 2024-жылы 300 миң болот
Австралия, АКШ, Кытай, Великобритания, Израиль, Корея, Сингапур, Финляндия ж.б. мамлекеттик программаларды ишке ашырышууда
Кытай Республикасынын өнөр жай ишканалары, санарип технологиялар, 2020-жыл жана $4 трлндон ашык кошумча каражат тапты
(https://trends.rbc.ru/trends/education/5f6399a69a79471ec02bfe4f)

Слайд #4
4
STEMдин АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ
1. Жуурулушуп окутуу, дүйнөгө карата илимий көз караштын комплекстүү калыптануусу, дүйнөнү бүтүн кабыл алуу
2. Изилдөө көндүмүнүн өөрчүшү
3. Теория менен практиканын логикалык тыгыз байланышы, жуурулушуусу, окуучулардын алган билимин дароо практикада колдонушу, өзүнүн продукциясын даярдашы (мисалы, робототехника) ж.б.
5. Окуу материалын терең өздөштүрүүгө жана окуу процессин жандуу, кызыктуу кылууга жардам бериши

Слайд #5
5
STEMдин АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ
6. Ишмердик аркылуу креативдүү ой жүгүртүү, сынчыл ойломду ишке ашыруу
7. Окуучунун өзүнө болгон ишениминин артуусу
8. Жаңы, тааныш эмес материалдарды туура кабыл алуу компетенциясынын калыптануусу
9. Долбоордук ыкманы колдонуу, окуп кетүү көндүмдөрүн, компетенциясынын калыптанышыш
10. Командада жана өз алдынча иштей алууга үйрөнүү, социалдашуу

Слайд #6
6
STEMдин АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ
11. Окуучулар натыйжа үчүн иштешет, алардын логикалык ой жүгүртүүсү өсүп, тактыкка, маселени убагында чечүүгө машыгышат
12. Гендердик теңчилик, бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу
Учурда табигый илимдер менен көбүрөөк эркек балдар алектенүүдө.
Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 80%дан ашыгы гуманитардык багыттагы окуу жайларга тапшырууда
Гимназиялык билим берүүнүн 5-класстан, ал эми лицейдик билим берүү 8-класстан башталуусу, лицейдик билим берүүгө зарылдык

Слайд #7
7
Жуурулуштуруп окутуу
1-вариант. Предметтерди тереңдетип окутуу
2-вариант. Предметтерди тема, тематика боюнча жуурулуштуруу
3-вариант. Предметтерди жуурулуштуруп окутуу
4-вариант. Предметсиз (жуурулуштуруп) окутуу
БИЗДИН ВАРИАНТ КАНДАЙ БОЛОТ?

Слайд #8
8
Ченемдик документтер
Кыргыз Республикасында билим берүүнү 2021-2040-жылдарга карата өнүктүрүү программасы
Мектептик билим берүүдө...
... гендердик теңчилик принциптерин сактоо
педагогикалык кадрлардын дараметин арттыруу жана кесиптик колдоо жана шыктандыруу системасы менен байланышкан кесиптик, педагогдордун карьердик өсүүсүнүн натыйжалуу моделин киргизүү
мектептерди профилдештирүү, анын ичинде математикалык, табигый-илимий, технологиялык билим берүү чөйрөлөрү (STEM-предметтер) боюнча

Слайд #9
9
Ченемдик документтер
...Программа боюнча аракеттенүү планы
Милдеттер: 9. Мектеп билим берүүсүнүн сапатын баалоо системасын түзүү
Индикатордун аталышы:
1) Класстын деңгээлинде окуучулардын математикалык, табигый-илимий (STEM-предметтер боюнча), текстти окуу жана түшүнүү сабаттуулугунун калыптангандыгын текшерүү үчүн контролдук-өлчөөчү материалдардын болуусу
2) Мугалимдер үчүн усулдук сунуштардын болушу
Индикаторлор: Тесттик тапшырмалардын базасын иштеп чыгуу:
2021 – 6-класс, 2022 – 7-класс, 2023 – 8-класс

Слайд #10
10
Ченемдик документтер
...Программа боюнча аракеттенүү планы
Милдеттер: 10. Жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу
Индикатордун аталышы: STEM-предметтерди кошо алганда, табигый-илимий циклдагы предметтерди окутуунун методологиясы (орто мектептин мугалимдери), түзөтүп окуу жана түшүнүү (башталгыч класстардын мугалимдери) боюнча иштелип чыккан программалар боюнча, анын ичинде электрондук форматта да окуган педагогдордун саны
Индикатор:
2021 – программаларды иштеп чыгуу жана апрробация
2022 – 4 000, 2023 – 5 000 мугалимди окутуу

Слайд #11
КӨҢҮЛ БУРГАНЫҢЫЗДАР ҮЧҮН ЧОҢ ЫРАХМАТ!

Слайд #12
ТЫНЧТЫКБЕК ДОСМУРАТОВ
Tynchtykbek Bektashtegin
tynchtykbek_bektashtegin
+996 777 230 286
Tynchtykbek Dosmuratov
Дареги: Ош шаары
Башталышы: 16:00
STEM БИЛИМ БЕРҮҮ
ЖАНА
АНЫН КЕЛЕЧЕГИ
PISA 2025 даярдыгын алкагында
