Презентация на тему "Астрономия"
Cкачать презентацию: Презентация на тему "Астрономия"
Презентация по слайдам:
Слайд #1
Астрономия илими

Слайд #2
Астрономия илиминин окутуунун максаты
Космостук объекттер жана кубулуштар жѳнүндѳ
астрономиялык билимдердин системасын окуп-үйрѳнүүнүн негизинде илимий кѳз карашты калыптандыруу, окуучуларга жаратылыш, кыймыл жана асман телолорунун ѳнүгүүсү, Ааламдын түзүлүшү жана андагы Жердин орду, астрономиянын методдору жана ушул илимдин жетишкендиктери жѳнүндѳ түшүнүк беруу

Слайд #3
Астрономияны окутуунун милдеттери
Когнитивдик милдеттер: окуучу астрономиялык билимдердин
системасын өздөштүрөт (Күн жана башка жылдыздар, Күн системасынын
планеталары жана алардын спутниктери, астероиддер, кометалар,
метеориттер, планета ортосундагы заттар, жылдыздар ортосундагы заттар,
пульсарлар, кара тешиктер, тумандуулук, Ааламдын түзүлүшү жана
эволюциясы, галактикалар жана алардын чогулушу, квазарлар жана
башкалар); космостук кубулуштардын закон ченемдүүлүктөрүн түшүндүрѳ
алат; материянын түзүлүштүк чексиздигин жана биримдигин таанып билет;
астрономия боюнча маселелерди чыгарат.

Слайд #4
Ишмердүүлүк милдеттер: окуучу космостук мейкиндикте
объекттерге жана кубулуштарга байкоо жүргүзүү боюнча билимдерге ээ болот; Ааламдын түзүлүшүн окуп-үйрѳнүүгѳ кызыгуу пайда болот;астрономиялык өлчөөчү куралдарды пайдаланууга үйрѳнѳт: гномон,телескоп, радиотелескоп ж.б.; астрономиялык куралдардын жана жабдыктардын арналыштарын, иштөө принциптерин түшүнѳт; аларды
колдоно алат; таанып билүүдө практиканын мааниси чоң экенин түшүнѳт; ѳзүнүн билимин ѳз алдынча тереңдетүү, кубулуштарга байкоо жүргүзүп жана аларды түшүндүрүү кѳндүмдѳрүнѳ ээ болушат.

Слайд #5
Баалуулук милдеттер: окуучунун аң-сезиминде илимий көз
караштарды калыптандыруу үчүн түзгѳн дүйнөнүн илимий сүрөттөлүшүнүн бирден бир маанилүү компоненттери болуп астрономиялык билимдер эсептелгенин ал аңдап-түшүнѳт.

Слайд #6
Астрономия сабагында тарбия берүү «Билим берүү
жөнүндөгү» мыйзамынын 4-беренесинде каралган «Билим берүү тармагындагы мамлекеттик саясатынын принциптери» менен дал келет

Слайд #7
Окуучулардын аң-сезиминде калыптанган дүйнөнүн илимий
сүрөттөлүшүнүн негизинде төмөндөгүдөй философиялык жоболор жатышы керек: дүйнөнүн материалдуулугу; материя жана кыймылдын байланышы; материя жана кыймылдын жоголбостугу жана жаралбашы; мейкиндикте жана убакытта кыймылдуу материянын болушу; мейкиндик жана убакыт
түшүнүгү; материянын формаларынын сапаттуу көп түрдүүлүгү жана өзгөчөлүгү, алардын ортосундагы ѳз ара байланыш; дүйнөнүн, Ааламдын материалдык биримдиги.

Слайд #8
Астрономия илими аркылуу биз асман телосундагы объекттерди таанып билебиз жана биз турган чойро менен байланышын тушунобуз.Физика,биология,химия илимдери менен тыгыз байланышта экенин тушунобуз.
