11-класс ЖРТга даярдоочу ийримдин иштелмеси
Читать

11-класс ЖРТга даярдоочу ийримдин иштелмеси

Cкачать презентацию: 11-класс ЖРТга даярдоочу ийримдин иштелмеси

    Ничего не найдено.
Click here to cancel reply.

Презентация по слайдам:


Слайд #1

Алтын эрежелер
1.Кунт коюп угуу керек.
2.Ойлонуу керек.
3.Туура кабылдоо керек.
4. Суроону шашпай окуу керек.
5. Эч качан көчүрбөш керек.
6. Убакыт жетет!
7. Кайрылып кел!

Слайд #2


ЖРТ деген эмне жана тестти кантип тапшыруу керек?
ЖРТ деген эмне?

Жалпы республикалык тест- мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку окуу жайда билим алуу жөндөмүн текшерет. Көпчүлүк ЖОЖдорго ушул тесттен алынган упайлардын негизинде кабыл алынып, эгер упай жогору болсо, гранттык(бюджеттик) орунга өтүүгө болот. ЖРТ Кыргызстанда 2002-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Слайд #3

ЖРТда эң жогорку балл 245 баллды түзөт.
Эң төмөнкү босого балл 110 баллды түзөт.
ЖРТ да эң алдыңкы 50 окуучу “Алтын сертификатка” ээ болот.
Предметтин босого баллы 60 балл

Слайд #4

ЖРТ канча тилде өтөт?
Тесттер абитуриенттерге кыргыз жана орус тилдеринде сунушталат.

Слайд #5

Тесттер канча бөлүктөн турат?
1-блок 60 –математика (30 салыштырма, 30маселе) 90 мүнөт
2-блок 30 –окшоштуктар (20-аналогия, 10-сүйлөмдөрдү толуктоо) 30 мүнөт
30- окуп түшүнүү 60 мүнөт
3-блок 30- Кыргыз тилинин практикалык грамматикасы 30 мүнөт
Жалпы 150 тапшырма , 250 мөнүт берилет

Слайд #6

Слайд #7

Кругозорду өстүрүү тармактары:
Кыргыз тилинин лексикасы(төл жана өздөштүрүлгөн сөздөр)
Биология ( жандуулардын иш-аракети, максаты)
Физика (дүйнөдөгү бардык кубулуштар, мыйзам ченемдүүлүктөр)
Химия( заттарга тиешелүү мыйзамдар)
Астрономия( космостогу түшүнүктөр)
Социология ( коомдун аракети, кыймылы, өзгөрүшү)
Психология (адамдын өзүн алып жүрүүсү, эмоциялары, сезимдери)
Экономика ( талап-сунуш, өндүрүш-түшүм, импорт-экспорт ж.б.)
Искусство (сүрөт, музыка)
Спорт жана башкалар

Слайд #8

Аналогия деген эмне
Предметтердин , кубулуштардын кандайдыр бир белгисине, жалпылыгына карата келип чыккан окшоштугу.
Аналогияларды туура табыш үчүн :
1. Логикалык ой жүгүртүү
2. Сөз байлык керек

Слайд #9

1. Убакты жетет
2.Кайрылып кел
3 Баштан аяк тестти карап чыгуу керек

Слайд #10

Аналогиялардын байланыш түрлөрү
Так
Ыктымалдуу
1. Антоним-синонимдик байланыш
2. Себеп-натыйжа байланышы
3. Зат-милдет байланышы
4. Түшүнүк-жардамчы байланышы
5. Зат –курам байланышы
6. Түшүнүк –таасир байланышы
7. Бүтүн-бөлүк байланышы

Слайд #11

Логикалык ойлонуубуз кандай?
1. Сен менин уулумсуң, бирок мен сенин атаң эмесмин.
Бул сөздү ким айтышы мүмкүн?

Слайд #12

Логикалык ойлонуубуз кандай?
Бир абышка ,, канчадасыз?” деген суроого. –Менин жашым 100 дө. Бирок мен 25 жолу гана өздүк майрамымды майрамдагам деп жооп берет. Суроо : Абышканын жообун түшүндүрүп бергиле.

Слайд #13

Корзинкада 5 алма бар. 5 алманы 5 адамга тең кылып бөлүш керек. Тең бөлгөндөн кийин , корзинкада 1 алма калып калды.
Суроо: Кандайча?




Слайд #14

Кечээ жакшы ________ алган жокмун, азыр абдан _______ келип жатат.
А) иштей / эс алгым
Б) уктай / уйкум
В) азыктана / кускум
Г) окуй / үйрөткүм

Слайд #15

Логикалык ойлонуубуз кандай?
Бардык крокодилдер уча алышат.
Бардык алптар крокодил болушат.
Демек, бардык алптар уча алышат.
А)туура
Б) туура эмес

Слайд #16

Логикалык ойлонуубуз кандай?
Эгерде кимдин мурду кызыл болсо , анда ал президент боло алышпайт.
Бардык адамдардын мурдулары кызыл. Демек, адамдардын баары президент боло алышпайт.
А) туура
Б) туура эмес

Слайд #17

Кагаз жана карандашты пайдаланбай туруп, 30 ду 0,5 ке бөл да, ага 10ду кошуңуз.

Слайд #18

Логикалык ойлонуубуз кандай?
6. Күйөрмандардын баары “У!” деп кыйкырганды жакшы көрүшөт.
А) “У!” деп кыйкырганды жакшы көрбөгөн күйөрман болбойт.
Б) “У!” деп кыйкырганды жакшы көргөндөрдүн баары күйөрман.
В) “У!” деп кыйкырганды жакшы көргөндөр күйөрман болот.

Слайд #19

Классификациялоо жана анализдей алуу жөндөмдүүлүгүңүз кандай?
А) Тамара
Б) Калия
В) Рахат
Г) Бакыт

Слайд #20

Классификациялоо жана анализдей алуу жөндөмдүүлүгүңүз кандай?
а) секунда
Б) саат
В) жыл
Г) кеч
Д)жума

Слайд #21

Классификациялоо жана анализдей алуу жөндөмдүүлүгүңүз кандай?
Мектеп
Форма
Парта
Доска

Слайд #22

Ашыкчасын чыгарып сал
Алма
Пияз
Сабиз
картошка

Слайд #23

Калпак
Элечек
Жоолук
Кеп такыя

Слайд #24

Сагызган
Бүркүт
Барчын
Куш

Слайд #25

Окшоштуруубуз кандай?
Берилген сөздөрдүн кайсынысы экөөнө окшошпойт?
А) кандайдыр бир
Б) бир нече
В) көпчүлүк бөлүгү

Слайд #26

Антоним-синоним байланышы
Антоним –бири-бирине карама-каршы сөздөр
М: дос: кас / жакын : жакшы
Синоним-жазылышы башка, мааниси бир же жакын сөздөр
М: Жалган : калп / сулуу : ажарлуу

Слайд #27

Синонимдик же антонимдик байланыштагы аналогиялардын түрлөрү
1. Жуп сөздөрдүн экөө тең бир сөздөрдөн турган аналогиялар.
М: күч: кубат / оң: терс
2. Жуп сөздөр бөлөк-бөлөк сөз түркүмүнөн болот.
М: сабырдуулук: чыдамкай
Сулуулук : серт

Слайд #28

Берилген сөздөрдүн антонимдерин табыңыз.
А) берешен- и) тентек-
Б) Кыйшык- Й) жаңы-
В) жыгыл- к) көрсөт-
Г) чымыр:- л) эрте-
Д) күлкү- м) жогору-
Е) жак- н) чынчыл-
Ж) бар ң) кайгыр-
З) ыраазы- о) унут-
Берилген сөздөрдүн антонимдерин табыңыз.

Слайд #29

Берилген сөздөрдөн антонимдик жуп түзүңүз.
Өткүр, алыс, чөк, белгисиз, тар, маалым, чабал, жык, жеңил, жеке, тескей, мурун, кең, күчтүү, азыр, уяң, мурда, тургуз, калың, кийин, мокок, кем, курч, чукул, чогуу, оор, күнгөй, жука, алсыз, ашык, жырга, чач, куура, жыйна, кабелтең, калкы.

Слайд #30

Берилген сөздөрдүн синонимдерин табыңыз.
Демик: тез:
Кубат: ат:
Жорук: кур:
Баа: шаар:
Кеп: дурус:
Ат: эс:
Тез: сонун:
Ынан: кыйын:
Үн: үн:

Слайд #31

Тесттик тапшырмалар:
1. Жыйноо: чачык
А) тарбиялоо : тентек
Б) ыйлоо: алсыз
В) келүү: эрте
Г) урушуу : таарыныч

Слайд #32

2. Жыртык: бүтүн
А) кесинди : айлана
Б) тегерек: ромб
В) азоо: жоош
Г) алма: картошка

Слайд #33

3. Бийик: терең
А) тоо: көл
Б) чатыр: жер төлө
В) бала: өспүрүм
Г) таш: суу

Слайд #34

Жармач : бардар
А) тазала: тазалык
Б) батыш: күнгөй
В) түбөлүк : утурумдук
Г) жөнтөк : утурумдук

Слайд #35

Кубан : сүйүн
А) кайгыр : күйүн
Б) муңдуу : шаттуу
В) чакыруу : кубалоо
Г) жыйноо : чачуу

Слайд #36

Аңчы : мергенчи
А) аймак : жер
Б) абайла : байка
В) айыпкер : күнөөкөр
Г) зындан : ор

Слайд #37

Берешен : битир
А) акылман : даанышман
Б) чыйрак : бышык
В) жигит : улан
Г) басмырт : өктөм

Слайд #38

Бадал : четин
А) өзөк : жалбырак
Б) бутак : сое
В) жамгыр : кар
Г) тамыр : сөңгөк

Слайд #39

Чаалыкпас : чарчабас
А) камбыл : сарамжалдуу
Б) илээнди : тыкан
В) үнөмчүл : сараң
Г) арсар: айкын





Боек : кист
А) бензин : унаа
Б) роман : жазуучу
В) мал: топоз
Г) ширенке : от