Презентация
Читать

Презентация "5 класс" "балык жана балыкчы"

Cкачать презентацию: Презентация "5 класс" "балык жана балыкчы"

Вставить эту публикацию

Вставить код

    Ничего не найдено.
Click here to cancel reply.

Презентация по слайдам:


Слайд #1



Сабактын темасы: А. С. Пушкин. «Балыкчы жана балык тууралуу жомок»
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: окуучулар
А. С. Пушкиндин өмүр-чыгармачылыгы жөнүндө кыскача маалыматка ээ болушат, жомокту талдап маанисин, идеясын түшүнүшөт.


Слайд #2


Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын ой жүгүртүүсү кеңейет, элестетүү, айтып берүү көндүмдөрү калыптанат. Өз ойлорун так, туура айта билүүгө үйрөнүшөт. Жомоктун дүйнө элинин рухий турмушунда алган орду жана анын бүгүнкү күндөгү маанисине ой жүгүртүүсүн, кепке жатыгуу жөндөмүн, чыгармачылык шык-дараметин өркүндөтүшөт.

Слайд #3


Тарбиялоочулук: жомоктун жаш муундардын рухий тарбиясы үчүн зор мааниси бар экендигин билишет. Сабырдуулукка, бири-бирин сыйлоого, адамгерчиликтүү, боорукер, күйүмдүү болууга тарбияланышат.

Слайд #4


Сабактын тиби: жаңы билимди өздөштүрүү сабагы
Сабакта колдонулуучу усулдар: айтып берүү, зиг-заг, сынчыл ойлом.
Сабактын формасы: топтордо иштөө.
Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: карточкалар, буклеттер, сүрөттөр, ватмандар, маркерлер, адабий китептер.
Предмет аралык байланыштар: этнопедагогика, сүрөт, тарых.

Слайд #5

Негизги компетенттүүлүктөр:
Маалыматтык: окуучулар Пушкиндин өмүрчыгармачылыгы, чыгармасы тууралуу маалыматка ээ болушат.
Социалдык-коммуникативдик: окуп, баяндап айтып беришет.
Өзүн-өзү уюштуруу: сөз байлыктары кеңейет.

Слайд #6

Предметтик компетенттүүлүктөр:
Адабий-теориялык компетенттүүлүктөр: орус элинин адабиятынан
Пушкиндин “Балыкчы жана балык тууралуу жомогу” тууралуу мазмундук-тематикалык билимдерге ээ болот.

Слайд #7

Маданий компетенттүүлүктөр: образдар системасы аркылуу элдин жан дүйнөсүн, менталитетин үйрөнөт, алар аркылуу чыгармадагы көркөм образдын негизинде ала турган тарбиялык таасирин талдай билүүгө машыгат.
Таанып-билүүчүлүк: үзүндүнүн сюжети аркылуу элдин өткөн турмушун, элдин салт-санаасын таанып билет.

Слайд #8


Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу:
КРнын гимни ырдалат.
Топторго бөлүнүү.
Жагымдуу маанай түзүү.
Өтүлгөндөрдү кайталоо.
Жаңы темага киришүү: видео-слайд көрсөтүлүп, окуучуларга суроо берилип, тема аныкталат.
Инсерт таблицасы: мен эмнени билем.


Слайд #9

А. С. Пушкин 1799-жылдын 26-майында Москвада дворян үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Сергей Львович билимдүү, ошол кылымдагы адат боюнча француз адабиятын жакшы көргөн, басмадан чыкпаса да аздыр-көптүр ыр жазган адам болгон.

Слайд #10

А. С. Пушкин бала кезинде, лицейде окуп жүргөндө эле атактуу акындарды таң калтырган ырларды жазган. Ал тез эле Россияда эң атактуу акын болуп калды. Анын өмүр жолу оор болду. Күрөш, чымырканган эмгек менен өттү.

Слайд #11

Акын аз жашады. Бирок анын кыска өмүрүндө үлгүргөн иштери бир нече узак өмүргө татыйт. Пушкиндин чыгармачылыгы менен орус адабияты дүйнөдөгү эң улуу адабияттардын бири болуп калды. Чынында эле Пушкиндин ырлары сыйкырдуу.

Слайд #12

Мунарыктап борошо уруп, кар тозоңун уйпалайт...
Болгону 6 сөз. Бирок кандай зор көрүнүш чагылдырылган, асман карарып, түнөрүңкү,шамал каарданып ышкырат. Ырас, шамалдын ышкырыгы жөнүндө али эч нерсе айтыла элек, ыр сабындагы сөздөрдүн өзү ышкырып, улуп тургансыйт.

Слайд #13

Көңүл бура турган нерсе каардуу, кыштын ызгаардуу суук күнү, түнөрүңкү нерселер тууралуу кеп болуп жатса, ал эми ыр болсо ажайып көркөм сөздөрү менен өздөрү эле сапка тизилип, музыка угулгансыйт.
Демек, дүйнөлүк классиканын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген

Слайд #14

көркөм сөздүн генийи А. С. Пушкин өзүнүн чыгармачылык кыска өмүрүнүн ичинде лирик, прозаик, драматург катары 19-кылымдын башында орус адабиятынын жаңы доорун ачып, орустун азыркы адабий тилин биринчилерден болуп түзгөн. Анын чыгармалары кыргыз тилине 30-жылдардан тартып которула баштаган.

Слайд #15

Улуу акындын баа жеткис көркөм мурасын кыргыз окурмандарына жеткирүүдө К. Баялинов, А. Осмонов, У. Абдукаимов, Э. Турсунов, С. Бектурсуновдор зор эмгектенишкен. Бүгүн «Балык жана балыкчы тууралуу жомогун» окуп үйрөнөбүз.

Текстти «зиг-заг» ыкмасы менен окуп түшүнүү

Слайд #16

Сөз өстүрүү жумуштары:
1. ийик – жүндөн, кебезден жип ийирүүчү аспап.
2. кун- бул жерде жан деген мааниде
3. тепши - дагара, чылапчын, илеген, жыгачтан оюп жасалган чарчы же сүйрү идиш
4. эбинен кетип бөлүнүп- колдонууга жараксыз болуп калуу

Слайд #17


5. долу катын- ажаан, тажаал, албуут, бууракандаган, чамынган.
6. жүгүн-эки колун бооруна алып, башын ийе эңкейип, таазим этүү
7. ай балта- көрүнүшү жарты ай сымал келип, ат үстүндө да, жөө калганда да урушууга эң жакшы ылайыкталган согуштук курал. Анын мизинин жогору жагына кээде оюу түшүрүлгөн. Урушта колдон чыгып кетпес үчүн саптын учуна кайыштан боо тагылган.


Слайд #18

8. Нөкөр – 1. хандын, баатырдын, мансаптуу адамдын жардамчысы, кызматкери.
2. хан кызынын, кээде аялынын кызматчы же жандап жүргөн кыз-келиндери.
3. жолдош, дос.
4. кээде аскер деген мааниде да айтыла берет.
Ар бирөөсү он балбан
өзүнө нөкөр алганы
«Манас» эпосунан

Слайд #19

Ээ болгон билимдин негизинде көнүгүү иши: түшүнүктөрүн айтып берүү.
Күзгүдөгү тапшырма
Сүрөт тартуу: абышка-кемпир жашаган үй, алтын балык
1-топ
2-топ

Ролдоштуруп аткаруу:
абышка-Дастан
кемпир-Самира
балык-Бурулай
автор-Асия

Слайд #20

Бышыктоо:
33-баатырдан келген тапшырма:
Ойлонбой тез жооп берүү
1. Абышка-кемпир кайда жашаган?
2. Алар канча жыл жашашкан?
3. Абышка эмне жумуш кылчу?
4. Кемпир эмне жумуш кылчу?
5. Бир күнү абышка кайда барды?
6. Эмнеге барды?
7. Тор салса биринчи эмне чыкты?

Слайд #21

8. Үчүнчүсүндө эмне чыкты?
9. Экинчисинде эмне чыкты?
10. Кемпир биринчи эмне сурады?
11. Экинчисинде эмне сурады?
12. Төртүнчү жолу эмне сурады?
13. Акырында абышкага кандай тапшырма берди?
14. Алтын балык кантип кемпирди жазалады?

Слайд #22


15. А. С. Пушкин качан жана каерде туулган?
16. Анын чыгармаларын кыргыз тилине кимдер которгон?

Алмадагы тапшырма: Айткылачы балдар, мына 2 кылымдан ашуун убакыт өтсө да, Пушкиндин 225 жылдыгы деп айтып жатабыз, эмне үчүн кайра-кайра китеп болуп чыгып, эл тарабынан окулуп келе


Слайд #23

жатат, азыркы күн менен бул чыгарманын байланышы барбы, эмне байланыштырып турат деп ойлойсуңар. Алмадагы тапшырманы аткарып биз жаш ханышаны сактап калышыбыз керек. Келгиле анда тапшырманы аткаргыла.

1. Силер бул жомоктон кандай сабак алдыңар?
2. Автор эмнени айткысы келди?

Слайд #24


Элибизде «Бергенге бешөө көп,
алганга алтоо аз» деген макал бекеринен айтылбаган. Мезгил өтүп, доорлор алмашып, көз караштар өзгөрсө да, бул жомокко кызыгуу токтогон жок. Себеби анда ач көздүк, байлыкка тойбостук сыяктуу түбөлүктүү маселелер көтүрүлгөн. көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө акча

Слайд #25

дегенде абийиринен кечкен, адамгерчиликтен четтеп, дүнүйө кууп, ар-намысты сатып жиберген адамдар толуп жатат. Демек, акын кемпирге окшоп напсини тыялбаган көрпенде болбогула деген насаат айтып жатат. Чыгарманын таасирдүүлүгү, улуулугу, жугумдуулугу, жеткиликтүүлүгү мына ушунда.

Слайд #26

Синквейн
Балдар, анда образдар системасын талдоо үчүн абышка жана кемпирди синквейн аркылуу сыпаттайбыз:
1-топ:
2-топ:
Жыйынтыктоо: инсерт таблицасын толтуруу-эмнени билдим, эмнени билгим келет, эмнеси түшүнүксүз болду.

Слайд #27

Логикалык суроо: Пушкин деген сөз дайыма жазылган окуу куралы.
Поэзиялык минута: ырларынан үзүндү айтылат. «Кышкы кеч», «Евгений Онегин», «Туткун»

Рефлексия: вазага гүл салуу.

Слайд #28

Ошентип, балдар Пушкиндин өзү ырында айтып өткөндөй кол менен жасалбаган, көркөм сөзү менен тургузган эстелиги эч качан кебелбейт, ал дайыма бекем турат, себеби Пушкинди сүйүү жыл сайын өсүп барат. Бизге анын акындыгы, дайрадай чалкыган таланты кымбат.

Слайд #29

Анын жүрөктү эриткич сөздөрү, ойлогон оюңду чыгара турган ою, турмушка сиңген, теңдеши жок музыкалуу сөздөрү биз үчүн эң кымбат жана керек.
Анын ырлары кумдуу чөлгө бир чака суу куйсаң ал канчалык бат сиңсе, анын ырлары да элге бат сиңет, бат тарайт.

Слайд #30

Пушкиндин бир убактагы
Улуу оруска даңк кабары таралып,
Алар мени бардык тилде аташат.
Фин, славян, тунгус балдары,
Түздө калмык, башкырлар да жатташат, - деп ырдап, жүгүрткөн санаасы толук чындыкка жетишип, дүйнө эли сүйүп окушат. Ал жараткан көркөм мурастар өлбөс, өчпөс. Анын түбөлүктүүлүгү улана берет.

Слайд #31

Баалоо:
Үй тапшырма берүү: жомоктун негизинде азыркы турмуш тууралуу ой жүгүртүү дил баянын жазуу, жомоктун мазмунуна ылайык макал-лакаптарды жазып келүү.