Презентация. Кыргыз тил сүйлөм 8-класс
Cкачать презентацию: Презентация. Кыргыз тил сүйлөм 8-класс
Презентация по слайдам:
Слайд #1
Кыргыз тил
8-класс

Слайд #2
Тема: Сүйлөм жана анын негизги белгилери
Сабактын максаты:

Слайд #3
Сүйлөм
Сүйлөм аркылуу бир нерсе жөнүндө кабар берилет, же суроолор менен бирөөлөргө кайрылабыз, же ички сезимдер билдирилет. Ошентип, сүйлөм адамдардын ортосунда өз ара пикир алышуу кызматын аткарат.
Сүйлөм- бүткөн бир айрым ойду билдирүүчү грамматикалык байланыштагы сөз же сөз тизмеги.

Слайд #4
Сүйлөмдүн айтылыш максаты жана грамматикалык түзүлүшү ар түрдүү.
Айтылыш максатына карай:
Жай. Мен мектепке келдим
Суроолу Сен мектепке келдиңби?
Илептүү Эрдик өлбөйт!
Буйрук Тынч отургула!

Слайд #5
Грамматикалык түзүлушү боюнча сүйлөм төмөнкүдөй бөлүнөт
Жөнөкөй
Жөнөкөй сүйлөмдө бир эле грамматикалык негиз (баш мүчө) болот.
Мисалы, Жаан жаайт
татаал
Татаал сүйлөм эки же андан коп грамматикалык негиздеп турат.
Мисалы, Акылдын көркү-тил, тилдин көркү-сөз
Бул жерде 2 баш мүчө бар

Слайд #6
Баш мүчөлөрдүн катышып турушу боюнча жөнөкөй сүйлөм
Эки тутумдуу
Баш мүчөлөрдүн экөө тең- ээ да, баяндооч да катышат
Бир тутумдуу
Баш мүчөлөрдүн бирөө гана катышат.(көбүнчө баяндооч)

Слайд #7
Айкындооч мүчөлөрдүн катышына карай жөнөкөй сүйлөм экиге бөлүнөт
Жалаң сүйлөм- бир гана ээ , баяндоочтон турган сүйлөм
Мисалы; Мектепке барып келейин
Жайылма сүйлөм- баш мүчөлөрү да, айкындооч мүчөлөрү да болгон сүйлөм.
Мисалы; Мен мектепке бүгүн барайын.

Слайд #8
74-көнүгүү.Сүйлөмдө айтылыш максаты боюнча кандай сүйлөмдөр бар?
-Эй, адамдар, дүйнөнүн төрт бурчунда жашаган адамдар, силерге эмне керек? Жерби? Мына, мен Жермин. Мен бардык адам баласына теңмин. Мага ынтымак керек, эмгек керек!
Айдоого бир дан таштасаңар, жүз дан кылып берем. Чырпык сайсаңар, чынар ткылып берем. Урук-тукумуңар көбөйсө, баарыңарга жай болуп берем. Мен тарыбаймын, мен кенчмин. Мен баарыңарга тегиз жетем!

Слайд #9
тест
