Презентация. 9-кл Сырдык сөз
Читать

Презентация. 9-кл Сырдык сөз

Cкачать презентацию: Презентация. 9-кл Сырдык сөз

Вставить эту публикацию

Вставить код

    Ничего не найдено.
Click here to cancel reply.

Презентация по слайдам:


Слайд #1

Кыргыз тил
9-а класс

Слайд #2

Бештин айынын он тогузу
Сабактын темасы:
Сырдык сөз

Слайд #3

Тема: Сырдык сөз
Айтуучунун сүйлөмдөгү ойго карата ички сезимин, ички мамилесин кабарлоочу сөздөр сырдык сөз деп аталат.
Бах, Ысык-Көлдүн суусунун да, абасынын да тазалыгы кандай!
Сырдык сөздөр заттын,окуянын, же кыймыл-аракеттин атын билдирүүчү сөздөр эмес, алар тек гана сүйүнүч, өкүнүч, ыраазычылык, жек көрүү, чочугандыкты кабарлоочу сигналдык сөздөр.

Слайд #4


Сырдык сөздүн сүйлөмдөн алган орду.
Сырдык сөздөр өзү катышып турган сүйлөмдүн тутумундагы башка сөздөр менен грамматикалык байланышта болбогону менен, бүтүндөй сүйлөмдүн мазмуну , же ал сүйлөмдөгү белгилүү бир сөздүн, сөздөрдүн тобунун мааниси менен байланыштуу болот.
Сырдык сөздөрдүн сүйлөмдөн алган орду эркин. Ал сүйлөмдүн башталышынан, ортосунан жана эң акырынан орун ала берет.

Слайд #5

Сырдык сөздүн сүйлөмдүн мазмуну менен байланыштуулугу
Сырдык сөз-сүйлөмдүн мазмуну жөнүндөгү сигнал катарында адегенде айтылып, андан кийин айтылган сүйлөм анын сигналдык маанисин (кайгы, кубаныч, буйрук, өкүнүч) чечмелеп түшүндүрүп турат.
О, бали! Сөздүн атасын айтып, карыя келди.
Аттиңай, комбайнын айдап, Касым эгин чаап кирсе кана.

Слайд #6

Сырдык сөзгө коюлуучу тыныш белгилер
Сырдык сөз башка сөздөрдөн бөлүнүп, өзгөчө интоннация менен обочолонуп айтылат.
Сүйлөмдүн башталышынан орун алса, өзүнөн кийин үтүр,
Ортосунан орун алса, эки жагынан тең үтүр,
Сүйлөмдүн аягынан орун алса, андан мурда үтүр коюлат.

Слайд #7

Мисалы
Бах, тоонун эртең мененки салкын жели көңүлдү кандай сергитет!
Эмне болгонсуң, апей, эми эле жакшы сүйлөп олтуруп...
Караңгыда байкап бассаң болмок, ай-ай-ай!

Слайд #8

Сырдык сөздөр
Бах, кокуй, бали, аттиңай, ботом, катыгүн, оуу, ай-ай, опей, баракелде, кокуй алат, ж.б

Слайд #9

Сырдык сөзгө илеп белгисинин коюлушу
Белгилүү жагдайга байланыштуу күчтүү сезим менен айтылса, андан кийин илеп белгиси коюлат.
Баракелде! Акыл атасы деп ушуну айт!
Кокуй! Кокуй алат! Өрт!.. Өрт кетти!

Слайд #10

93-көнүгүү. Көп чекиттин ордуна сырдык сөздү жана тыныш белгилерин койгула.
1).... сонун жомоктордун кени сенде экен!
2) Не деген буура элең! ... Калжайып кайра келгенин!
3) –Эдигей, бери карагын. ... Бороонду, сен деле Каранарыңа жанагы Индостандын пилдерине орноткон кепедей кепе жасап, кошо комдоп койбойсуңбу?
4) Ушундай да мээ кайнаткан ысык болот экен ээ...
5) ... Осоке, кечириңиз, Иосиф Татаевич, өзүнүздөн өзүңүз ашып түштүнүз го.

Слайд #11

Үй тапшырма
94-көнүгүү