Презетация по теме "Билим берүүгө коюлган талаптар"
Cкачать презентацию: Презетация по теме "Билим берүүгө коюлган талаптар"
Презентация по слайдам:
Слайд #1
Билим берүүгө болгон заманбап талаптар

Слайд #2
Азыркы дүйнөнүн коркунучтары

Слайд #3
Туруктуу өнүгүү (ТӨ) – бул келечек муундардын өз керектөөлөрүн канааттандыруу мүмкүнчүлүгүнө доо кетирбестен азыркы замандын керектөөлөрүнө жооп берген өнүгүү.
коом
экономика
табигый капитал
ТӨ = [

Слайд #4

Слайд #5
Эгер биз бүгүн балдарды кечээкидей эле окутсак, алардын эртеңкисин уурдаган болобуз.
Джон Дьюи

Слайд #6

Слайд #7

Слайд #8
2021-2040-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасы
Программа 2040-жылга карата билим берүү системасынын көз карашын, максаттарын жана милдеттерин аныктайт.
2040-жылга карата билим берүү системасынын көрүнүшү:
2040-жылга чейинки билим берүү системасы адамдын интеллектуалдык, чыгармачыл жана эмоционалдык дараметин каалаган куракта ачууга мүмкүндүк берет, окуучулардын сергек жашоо образын жана бакубат жашоосун камсыз кылуу үчүн шарттарды түзөт жана жашаган жеринин географиясына, жынысына, динине, ден соолугунун абалына, каржылык абалына жана башка факторлорго карабастан бүткүл өлкө боюнча жарандардын ар кандай категорияларына бирдей билим берүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Слайд #9
2021-2040-жылдарга Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү программасы
Мында билим берүү системасындагы кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө, анын өнүгүшүнө, мобилдүүлүгүнө, эмгекте талапка жооп бере алган инсанды калыптандырган сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүүгө өбөлгө түзгөн инновацияларга артыкчылык берилет.
Билим берүү системасынын 2040-жылга карата максаты – мобилдүү социалдык-экономикалык чөйрөнү эркин адаптациялоочу жана өзгөртө алган чыгармачыл жана дени сак адамдын потенциалын калыптандыруу.

Слайд #10

Слайд #11
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ
БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНЫН ЖАНА ПРЕДМЕТТИК СТАНДАРТТАРДЫН ТҮЗҮМҮ ЖАНА МАЗМУНУ

Слайд #12
Стандарт –англис тилинен. standart - үлгү, эталон) – реалдуу практика менен салыштыруу үчүн баштапкы чекит катары алынган үлгү, эталон.
Педагогикалык сөздүк, 2008-ж.
Стандарт – белгилүү бир тарыхый мезгил ичинде тигил же бул коом үчүн талап кылынган билим берүүнүн стандарттык деңгээли.
Негизги түшүнүктөрдүн жана аныктамалардын сөздүгү, 2017-ж.
Стандарт – Окуучулардын жеке мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен билим берүүнүн социалдык максаттарын чагылдырган билим берүүнүн мамлекеттик нормасы, баланын билим деңгээлин баалоого, окуучуларга билим алуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, ар бир адамдын жогорку натыйжаларга жетишүүсүнө түрткү берүүгө жана ошонун негизинде окууну индивидуалдаштырууга багытталган.
Заманбап педагогиканын кыскача сөздүгү

Слайд #13
Мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты
КРнын Өкмөтүнүн
2004-ж. 23 июлундагы №554 токтому менен бекитилген
Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты
КРнын Өкмөтүнүн
2014-ж. 21 июлундагы №403 токтому менен бекитилген
Мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты
КРнын Министрлер кабинетинин 2022-ж. 22 июлундагы №393 токтому менен бекитилген

Слайд #14
Мамлекеттик стандарт – билим берүүнүн бардык чөйрөлөрүндө белгиленген максаттарды Мектептик жалпы билим берүүнүн бардык баскычтарына жүзөгө ашырууну камсыздаган, билим берүү процессин жөнгө салган, улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерге билим берүү системасын өнүктүрүүнү камсыз кылган ченемдик укуктук документ.

Слайд #15
Жаңыланган Мамстандартты кабыл алуу зарылчылыгы:
:
Дүйнөдөгү билим берүү системасындагы өзгөрүүлөр
Билим берүү системасына талаптардын өзгөрүлүшү
Мамлекеттик стандартта чагылдырылды

Слайд #16
2022-жылынын Мамлекеттик стандарт
6 бөлүмдөн турат:
1-бөлүм. Жалпы жоболор.
2-бөлүм. Мектептик жалпы билим берүүнүн максаты, милдеттери жана натыйжалары.
3-бөлүм. Окутуунун түзүмүнө жана процессине карата талаптар.
4-бөлүм. Окуу процессин уюштуруу жана анын натыйжалары
5-бөлүм. Баалоо системасы.

Слайд #17
Мектептик жалпы билим
берүүнүн максаты:
- туруктуу өнүгүүгө жана баардыгы үчүн өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүүгө керектүү болгон билимдерди жана компетенттүүлүктү окуучулар алуу үчүн сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу.

Слайд #18
Билим берүүнүн милдеттери:
инклюзия жана гендердик теңчилик принциптеринде бардык балдардын билимге бирдей жана адилеттүү жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;
окутуунун коопсуз жана өнүктүрүү чөйрөсүн түзүү;
окуучулардын чыгармачылык жөндөмдөрүн, физикалык, психикалык, социалдык жана руханий-адеп-ахлактык өсүшүн аныктоо жана өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

Слайд #19
Билим берүүнүн милдеттери:
окуучуларды адамзаттын илимий жана практикалык жетишкендиктеринин фундаменталдык негиздерин (фундаменталдык өзөгүн) сапаттуу өздөштүрүүсүн камсыз кылуу
негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандыруу;
бирдиктүү жана заманбап илимий дүйнө таанымдын негиздерин калыптандыруу;
инсандын өз алдынча билим алуу, өзүн-өзү таануу жана өзүн-өзү өнүктүрүү көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн өз алдынча изденүү жана окуупрактикалык ишмердүүлүгүн уюштуруу;

Слайд #20
Билим берүүнүн милдеттери:
окуучуларды толеранттуу, инклюзивдик жана коопсуз дүйнөнү курууга активдүү катышууга даярдоо;
окуучулар заманбап экологиялык көйгөйлөрдү, климаттын өзгөрүлүшүн, жоопкерчиликтүү керектөөлөрдү, жаратылышка жана жашыл экономикага аяр мамиле жасоону түшүнүүнү камсыз кылуу;
санариптик жана медиа-маалыматтык сабаттуулукту өнүктүрүү;
финансылык жана укуктук маданиятты калыптандыруу;

Слайд #21
Билим берүүнүн милдеттери:
тарбиялоону Кыргызстан элинин маданий, руханий-адеп-ахлактык жана үй-бүлөлүк баалуулуктарына ылайык келишин камсыз кылуу;
окуучуларда билим алуу жана эмгектик мотивацияны, активдүү турмуштук позицияны, өзгөчө кырдаалдарга жана өзгөрүп жаткан дүйнөгө ыңгайлашуу жөндөмүн калыптандыруу;
окуучуларда көп түрдүүлүк жана теңдик, адам укуктары, басмырлабоо, социалдык катышуу жана айырмачылыктарды сыйлоо баалуулуктарын калыптандыруу.

Слайд #22
2022-жылынын Мамлекеттик
стандартынын жаңылыгы
Негизги компетенттүүлүктөргө
өзгөртүүлөр киргизилди:
маалыматтык компетенттүүлүккө
бүгүнкү күндө абдан актуалдуу аспект киргизилди:
МЕДИАСАБАТТУУЛУК жана
МААЛЫМАТТЫК КООПСУЗДУК.

Слайд #23
Мамлекеттик стандартынын жаңылыгы
Негизги компетенттүүлүктөргө өзгөртүүлөр киргизилди:
3-чү негизги компетенттүүлүк кошумчаланып,
«ӨЗҮН-ӨЗҮ ТААНУУ ЖАНА КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЧЕЧҮҮ КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮГҮ» деп аталды.

Слайд #24
“Окуу процессин уюштуруу жана анын натыйжалары” аталыштагы жаңы бөлүм киргизилди
Ар бир баскычка
БҮТҮРҮҮЧҮНҮН МОДЕЛИ
ЧЕНЕЛҮҮЧҮ ИНДИКАТОРлору
менен иштелип чыкты
Мамлекеттик стандартынын жаңылыгы

Слайд #25
КРИТЕРИАЛДЫК БААЛОО
киргизилди
Мамлекеттик стандартынын жаңылыгы

Слайд #26
Предметтик стандарт ‒ окуучулардын билим натыйжаларын, аларга жетүү жолдорун жана предметтин чегинде өлчөөнү жөнгө салуучу документ

Слайд #27
Предметтик стандарттын структурасы:
1) жалпы жоболор;
2) предметтин концепциясы;
3) билим берүүнүн жыйынтыктары жана баалоо:
4) билим берүү процессин уюштурууга карата талаптар.

Слайд #28
Предметтик стандарттардагы өзгөртүүлөр:
Стандарттарга биринчи жолу инклюзивдик билим берүү, «жашыл көндүмдөр», коопсуз жана өнүгүп жаткан окуу чөйрөсү, санариптик жана медиа-маалыматтык сабаттуулук жана башка түшүнүктөр киргизилген.

Слайд #29
Предметтик стандарттардагы өзгөртүүлөр:
Окуучулардын окуу жетишкендиктерин баалоо боюнча стратегияларга төмөнкү принциптерге таянуу менен өзгөртүүлөр киргизилди:
Критериалдуулук;
Өзүн өзү баалоо – алдынкы орунда;
Ийкемдүүлүк жана вариативдүүлүк;
Баалоо ыкмаларынын жана инструменттеринин өлчөнгөн натыйжаларга шайкештиги жана адекваттуулугу.

Слайд #30
Предметтик стандарттардагы өзгөртүүлөр:
Билим берүүнүн жаңы максаттарына жана милдеттерине ылайык ар бир предметтин концепциясына өзгөртүүлөр киргизилди. Мисалы, «Кыргыз тили», «Орус тили» предметтеринин стандарттарында окуучулардын окуу жана окуп түшүнүү, жазуу боюнча негизги көндүмдөрүн өздөштүрүү, бул көндүмдөрдү окуу жана турмуштук маселелерди чечүүдө функционалдык колдонуу (функционалдык сабаттуулук) милдети коюлган..
Тарых. Саясий жана экономикалык тарыхтын материалдары кыскартылып, кыргыз элинин маданиятынын, руханий-адептик маданиятынын, нарк-насили менен салттарынын, мамилелеринин, күнүмдүк тарыхынын материалдары кеңейтилди.
Дүйнөлүк тарых боюнча материалдар кыскартылып, түрк элдеринин жана Орто Азия элдеринин тарыхы боюнча материалдар кеңейтилди.
Бүтүрүүчүнү даярдоо максатында, коомдо күнүмдүк жашоого керектүү компетенцияларды калыптандырууга, патриотизмди, “Кыргыз жараны” – жалпы жарандык иденттүүлүгүн калыптандырууга басым жасалат.
Коомдук-саясий процесстер көрүнүктүү инсандардын өмүр баянын окуп, изилдөө аркылуу гана эмес, «карапайым адамдардын» тагдыры аркылуу да сүрөттөлөт.

Слайд #31
Жаңы предметтер
Башталгыч класстарда интегралдаштырылган “МЕН ЖАНА ДҮЙНӨ” сабагы киргизилди (мекен таануу, жаратылыш таануу, жашоо коопсуздугунун негиздери, адеп
(этика ).

Слайд #32
).
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. ЖАПАРОВдун Жарлыгы менен
7-8-9-х класстарда
“ДИНДЕРДИН ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ” предмет киргизилди.
Максаты: дин тарыхынын фактыларын маалыматтуу түрдө баалоосуз жана мүнөздөмөсүз изилдөө, жаштар арасында диний толеранттуулукту калыптандыруу.
2022-ж. 1-сентябрынан «Диндердин өнүгүү тарыхы» 9 класска жалпы киргизилген.
2023-ж. 1-сентябрынан «Диндердин өнүгүү тарыхы» 7-8-класстарга киргизилет.
Жаңы предметтер

Слайд #33
Предметтик стандарттар STEM мамилени эске алуу менен (Математика)
ОКУТУУНУН МАКСАТЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ – окуучулар математика курсун өздөштүрүү үчүн зарыл болгон табигый, рационалдуу) сандык системаларды куруунун мыйзам ченемдүүлүктөрүн түшүнүшөт; дедуктивдүү ой жүгүртүү көндүмдөрүн өздөштүрүү, фантазияны өнүктүрүү, логикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү жана окуучуларды тектеш дисциплиналарды окууга даярдоо.
ПРЕДМЕТТИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТӨР реалдуу кырдаалга байланыштуу маселени чечүү процессин моделдейт, аны изилдейт, чечүү процессин оптималдаштырат;
- тандалган чечим ыкмасынын ар бир баскычы боюнча талашып-тартышып, каталарды жоюу, андан ары окуу иш-чараларында аларды болтурбоо жолдорун сунуштайт
МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН МЕТОДОЛОГИЯСЫ
Математиканы окутууга, күнүмдүк турмушта да, эмгекте да практикалык куралдарга, реалдуу процесстерди изилдөөгө жана сүрөттөөгө, табигый жана коомдук кубулуштардын өз ара байланышын кароого, адамдын ишинин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине карата талаптар .
Сынчыл ой жүгүртүү - бул маалымат агымын багыттоо, себеп-натыйжа байланыштарын көрүү, керексизди чыпкалоо жана жыйынтык чыгаруу жөндөмү.
Креативдүүлүк – кырдаалды ар кандай өңүттөн баалоо, стандарттуу эмес чечимдерди кабыл алуу жана өзгөрүп жаткан шарттарда өзүн ишенимдүү сезе билүү.
Коммуникация – сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана байланыштарды түзүү, маектешинин пикирин угуу жана өз көз карашын жеткирүү жөндөмдүүлүгү

Слайд #34
Предметтик копетенттүүлүктөр жаңы аталышта берилди жана PISA изилдөөдөгү компетенттүүлүктөрдүн аталыштарына туура келет:
1
Санариптик сабаттуулук
2
Математикалык сабаттуулук
3
Моделдөө
4
Программалоо

Слайд #35
Эмне үчүн STEM-билим берүү? Аны мектептерде кантип ишке ашыруу керек?
Идеялар
Ыкмалары
Көнүгүүлөр
Келечеги

Слайд #36
STEM кыскартылган сөзү эмнени билдирет?
S- табигый илимдер, T-технология, E-инженерия,
М-математика
Табигый илимдери - табияттын мыйзамдарын түшүндүрөт.
Технология теориялык билимди практикада текшерүүгө мүмкүндүк берет.
Инженерия- ресурстар, материалдар менен иштөөгө жардам берет, эксперимент жүргүзүүгө, айлана-чөйрөнү жакшыртууга үйрөтөт.
Математика - тактыкты, логикалык ой жүгүртүүнү, алгоритмдерди сактоо жөндөмүн өстүрөт.

Слайд #37
STEM окутуу жолдору

Слайд #38
Көңүл бурганыңыз үчүн рахмат
