Презентация по химике на тему " Арендер" ( 10 класс)
Cкачать презентацию: Презентация по химике на тему " Арендер" ( 10 класс)
Презентация по слайдам:
Слайд #1
10 класс
Ачык сабак
Даярдаган: Шабданова Гулбара
№4 мектеп - гимназиясы мекемеси

Слайд #2
"Мурдагы билимдерди кайталоо жаңы билимдерге жол ачат"
Н. Лейбниц.

Слайд #3
1. Алкиндин жалпы формуласы кандай? ( CnH2n-2)u
2. Алкиндерде канча байланыш бар? (С≡С)
3. Лабораторияда ацетиленди кантип алабыз? (CaC2+2 H2O =HC ≡ CH+Ca(OH)2)
4. Алкиндин эң негизги өкүлү ацетилендин физикалык касиети кандай? Жытсыз газ, сууда начар эрийт, органикалык эриткичтердин жакшы эрийт, аба менен болгон аралашмасы жарылууга жөндөмдүү. Кайноо t⁰- 75⁰C
5. Ацетиленде канча σ сигма, канча π байланыш бар? (1 сигма, 2пи байланыш бар)
Өтүлгөн теманы кайталоо

Слайд #4
6. систематикалык номенклатурасы боюнча аталышын атагыла? (3 метил Бутин 1)
7. 16г CaC2 суу менен аракеттенгенде (н.ш) канча литр ацетилен бөлүнүп чыкат?
8. 13г ацетилен толук күйүшү үчүн (н.ш) канча көлөмдөгү кычкылтек жумшалат?
Өтүлгөн теманы кайталоо

Слайд #5

Слайд #6
Тема: Арендер. Молекуласынын түзүлүшү, физикалык, химиялык касиеттери.

Слайд #7
1. Билим берүүчүлүк: Арендердин түзүлүшү, касиеттери жөнүндө билим алышат, алар туурасында лабораториялык иштерди аткаруу менен түшүнүшөт.
2. Өнүктүрүүчүлүк: Арендердин түзүлүшү, касиеттери жөнүндө билимин өркүндөтүү.
3. Тарбия берүүчүлүк: Топтор менен ынтымакта иштөөгө тарбиялоо.
Сабактын максаттары:

Слайд #8
Көрсөткүчтөр:
1.Арендерге жалпы мүнөздөмө.
2. Молекуласынын түзүлүшү, sp² гибриддешуусу.
3. Гомологиялык катары.
4. Физикалык касиети.
5. Химиялык касиети.

Слайд #9
Ароматтык көмүрсуутектердин молекулалары циклдик түзүлүштө болушат. Андан сырткары алардын кайсы бирөөлөрү жагымдуу жытка ээ болгон, алты бурчтуу шакекти пайда кылган бирикмелер жыпар жыттуу же ароматтык бирикмелер деп аталат.
Жалпы формуласы CnH2n-6
n=6,
Биринчи өкүлү C6H6- бензол
Салыштырмалуу молекулалары массасы
Mr(C6H6) = 78
Арендер

Слайд #10
Молекуласынын курамында бензол шакекчесин же бензол ядросун камтыган көмүртек менен суутектин бирикмелери жыпар жыттуу углеводороддор деп аталат

Слайд #11
Майкл Фарадей (1791- 1867)
1825-жылы Майкл Фарадей биринчилерден болуп бензолду жарык газынын суюк конденсатынан бөлүп алган.
1833- жылы Эйлгард Митчерлих бензол кислотасын акиташты катыштыруу менен ысытып, бензолду бөлүп алган. Ал окумуштуу бөлүп алган затты бензин деп атаган, кийинчерээк ал ат бензол деп аталды.

Слайд #12
Бензолдун структуралык түзүлүшү
Бензолдун түзүлүшүн чагылдырган формуланы биринчилерден болуп немец химиги Кекуле 1865- жылы сунуш кылган, ал төмөндөгүдөй жазылат.

Слайд #13
Бензолдун молекуласынын структуралык түзүлүшү

Слайд #14
Бул формулада бирикменин курамындагы 6 көмүртек атому өзү менен байланышкандан тышкары бирден суутек атомдорун кошуп алса, кезектешкен кош байланыштар аркылуу көмүртектин валенттүүлүгү толукталат.
Ароматтык углеводороддордун радикалдары пайда кылуу принциби алкандардыкындай эле алардын курамынан бирден суутек кемитүүдөн келип чыгат.
C6H6- бензол, C6H5 - фенил же арил радикалы

Слайд #15
Бензолдун электрондук түзүлүшү
Бензолдун молекуласындагы ар бир көмүртектин ( 6 атому) sp² гибриддешүү абалында болот. Электрондук булуттар, алардын ар кандай формалары бири- бири менен өз ара капталуусунун натыйжасында sp² гибриддик электрондук булуттар келип чыгат. Гибриддик электрондук булуттардын формалары алмуруттун формасындай болот.

Слайд #16
Бензолдун молекуласында sp²гибриддик капталыштан пайда болгон булуттардан алтоо.
Алар мейкиндикте жайланышкан да гибриддик алты көмүртек атомдорунун электрондук булутчалары кайрадан өз ара капталышат. Демек жанындагы көмүртек атомдору жана суутектин атому менен үч σ- байланыштары менен байланышат. Көмүртектин 6 атомунун баары C - C, C-H пайда кылган σ- байланыштары бир тегиздикте жатышат.

Слайд #17
Гомологиялык катары
Бензолдун молекуласындагы суутектин атомдору менен ар кандай радикалдар орун алмашканда бензолдун гомологдору пайда болот.
толуол же метил бензол
Ксилол же этил бензол
Пропил бензол
C6H5-C2H5
С6Н5-С3Н7
C6H5-CH3

Слайд #18
Эгерде бензолдун молекуласында суутектин атомдору бир нече радикалдар менен орун алмашкан болсо, анда бензолдун орто-, мета-, пара-туундулары пайда болот
1,2 диметил бензол
(О- ксилол)
1,3 диметил бензол
(м- ксилол)
1,4 диметил бензол
(п- ксилол)

Слайд #19
Номенклатурасы

Слайд #20
Аренди атагыла.
1,4 дибромбензол

Слайд #21
Аренди атагыла
2,4,6 трихлорбензол

Слайд #22
Аренди атагыла
1,3 диметилбензол

Слайд #23
Физикалык касиети
Бензол өзүнө мүнөздүү жыты бар, сууда эрибей турган түссүз суюктук. Анын кайноо температурасы t⁰ 80,1⁰С, муздатканда ал оңой тоңуп, балкуу t⁰ 5,5⁰C болгон кристаллдык ак массага оңой айланат. Бензол спирт жана эфирде эрийт. Бензолдун өзү да эриткич заттарга кирет: майларда, чыйырды, боёкторду, каучукту эритет. Бензолдун буусунун аба менен болгон аралашмасы жарылгыч касиетке ээ.

Слайд #24
Химиялык касиеттери
Күйүү реакциясы
Бензол, анын гомологдору абада ыштуу жалын менен күйөт.

Слайд #25
Алмашуу реакциясы

Слайд #26
Орун алмашуу реакциясы

Слайд #27
Бензолду кошуп алуу реакциясы

Слайд #28
Бензолду кошуп алуу реакциясы

Слайд #29
Лабораториялык тажрыйба
1. Бензолдун калий перманганатына таасири
Бензолдун KMnO4 суюлтулган эритмесине кошуп, аралаштырып көргүлө. Эмнени байкадынар?
2. Бензолду иод суусуна таасири
Бензолду мурда даярдалган иод суусу менен аракеттендирип көргүлө. Эмнени байкадынар?

Слайд #30
Көгүчкөндөн кат

Слайд #31
Тест
1. Бензолдун гомологу кайсыл?
А) C6H5-CH3. В) C6H9- CH3 Б) C6H11- CH3 Г) C6H13-CH3
2. Бензолдун жана анын гомологдорун түзүлүшүн сыпаттайт
А) sp³ гибриддешүү жана тетраэдр формасы
Б) sp² гибриддешүү жана молекуласынын жалпак формасы
В) Гибриддешүү жана көмүртектин ачык тизмеги
Г) Көмүртек атомдорунун туюк алты бурчтугу жана жыпар жыттуу байланыш.
3 .Бензол молекуласындагы C-C байланышынын узундугу
А) 0,154 нм Б) 0,140 нм В)0, 134 нм Г)0,120нм

Слайд #32
5. Арендердин жалпы формуласы
А) СnH2n. Б) CnH2n-2. В) CnH2n-6. Г) CnH2n+2
4 .Төмөнкү берилген бензолдун гомологдорунын кайсынысы "1,4 диметил, 2 этилбензол" деп аталат.
5 .Реакциядагы белгисиз затты атагыла. C6H6 + Br2 → HBr + ?
А)Бензол. Б) Бромбензол. В) Бромгексан. Г)Гексабромбензол

Слайд #33
