Презентация по родиноведение на тему "Жаратылыш" (3 класс)
Cкачать презентацию: Презентация по родиноведение на тему "Жаратылыш" (3 класс)
Презентация по слайдам:
Слайд #1
Асманда күн чыгат, батат ар дайым,
Жер үстүндө жаныбарлар бар дайым.
Өзөн толо суулар агат жээкти тээп,
Мунун баарын коргоо биздин зор милдет.
Жер-бешигим, сенин,менин энебиз,
Ыйык сактап, урпактарга беребиз.
Жаратылыш-жан досум!
Класс жетекчиси: Исакулова В.К

Слайд #2
Сабактын темасы:
Жаратылыш- жан досум!
Сабактын максаты:
Жаратылыштагы жандуу жана жансыз заттарды айрып таанытуу менен бирге окуучулардын жаратылышка болгон сүйүүсүн ойготуу, аяр мамиле жасоого багыт берүү, табигый байлыктарды сарамжалдуулук менен пайдалана билүүгө багыттоо, жаратылышка анын кубулуштарына кызыгып байкоо жүргүзүүгө тарбиялоо.

Слайд #3
Балдар, жаратылыш адамга эмнелерди берет?
Эс алуу
Аба
Суу
Турак жай
Кийим-кече
Тамак- аш

Слайд #4
Экология деген эмне
Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө да илим бар. Ал «экология» деп аталат. Грекче «экос»-үй, «логос»- илим деген сөздөрдөн түзүлгөн. Ушул байланыштагы илимди изилдеген окумуштуулар экологдор деп аталат.

Слайд #5
Балдар, жаратылышта бардыгы өз ара тыгыз байланышта болот. Жаратылыштын бир бөлүгү болгон адам да айлана- чөйрөсүндөгү жер, суу, аба жана башка бардык түрдүү организмдер менен байланышта.
Экология илими бул кылдат байланыштарды өзүбүзгө зыян келтирбегендей этияттык менен изилдеп үйрөнүүгө жардам берет.

Слайд #6
Бир кезде бардык жырткычтарды: карышкыр, түлкү,айры куйруктарды аёосуз кырышкан. Бирок карышкыр жок болгон жерде бугулар ооруй баштаган.

Слайд #7
Түлкү менен жырткыч куштар жок жерде кемирүүчүлөр абдан көбөйүп, эгин- тегинге зыян келтиришкен. Кирешенин ордуна чыгаша көбөйгөн.

Слайд #8
Жырткычтар жана алардын жеми з менен бирге кп мидеген жылдан бери жашап келе жатат,бул мезгилдин ичинде ага да, буга да жашоо үчүн зарыл болгон жаратылыштын тең салмактуулугу калыптанган.

Слайд #9
Адам жаратылыштын тең салмактуулугуну унутпашы зарыл.
Адамдар ар кандай уу химикаттарды жасашты. Аны самолёт менен талааларга жана бактарга чачса, зыяндуу курт-кумурскалар жок болот. Бирок алар менен кошо пайдалуу айбанаттар да зыянга учурайт.Анткени миңдеген канаттуулар жана жаныбарлар ууланган азыкты жеп , аны менен кошо өлүмгө учурашы мүмкүн.

Слайд #10
Эгер түтүн асманды каптап, абаны булгаса, анда табият гана эмес, адам да жабыр тартышы мүмкүн. Ошондуктан табиятты, тагыраак айтканда, табигый чөйрөнү коргоо- баарынан мурда адамды коргоо болуп эсептелет.

Слайд #11
Дүйнөдөгү бардык окумуштуулар бул маселе жөнүндө эбак эле чуу көтөрүшкөн. Алар адам жаратылышка этияттап мамиле кылышы керек экендигин далилдешкен. Жаратылышты коргоо боюнча атайын мыйзамдарды кабыл алышкан.

Слайд #12
Адамдар жер шартындагы жапайы айбанаттардын 270 тен ашык түрүн кырып жиберишкен. Окумуштуулар тынчсызданып, 1962-жылы Жаратылышты коргоонун Эл аралык союзу түзүлөт. Адегенде жер жүзунөн жоголуп бараткан жаныбарлардын тизмесин түзүп, китеп кылып чыгарышкан. Бул «кызыл китеп» деп аталат. Кызыл китепке катталган жаныбарларга тийүүгө тыюу салынган.

Слайд #13
Кыргызстандын кызыл китеби 1985- жылы жарык көргөн. Ага азайып бара жаткан жаныбарлар катталган. Кимде-ким Кызыл китепке кирген жаныбарларды кармап алса, же өлтүрсө, айпка тартылат.

Слайд #14
Кызыл китепке зыянсыз жана өзүн коргой албаган айбанаттар гана эмес, күчтүү керик, шамдагай кара кулак шер да киргизилген. Ал тургай жолборс да жок болуп баратат. Алар терисинин баалуулугунан эмес, адамдар улам жаңы жерди өздөштүрүп, жапайы айбанаттар жашаган жер улам тарып бара жаткандыктан азаюуда.

Слайд #15
Андан сырткары бардык өлкөлөрдө айбанаттарды жана өсүмдүктөрдү кол тийгизбей сактоочу жай- коруктар бар. Коруктарда окумуштуулар жаратылыштын маанилүү закондорун изилдешет.

Слайд #16
Коруктан башка жерде да адам жаратылышка сарамжалдуулук менен мамиле кылууга тийиш: өзүнө азык болуучу жана өндүрүшкө керектелүүчү жаратылыш байлыктарын – топурак, токой, канаттуу, жаныбарлар, өсүмдүтөрдү акыл-эстүүлү менен үнөмдүү пайдалануу зарыл.

Слайд #17
Илим менен техниканын өнүгүшү менен адам айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизет. Алсак, дың жерлерди бузуп, үйлөрдү салышат, же айдоо аянтын түзүшөт. Мында жапайы жаныбарлардын жайыты тарып, тоюуту азайып, жеми жоголуп, ачкадан өлө баштайт.

Слайд #18
Жаратылышты сактоо үчүн адамдар эмне жасоо керек?
Фабрика менен зоводдордун морлоруна зыяндуу заттарды абага чыгарбаган атайын чыпкаларды орнотуу керек.

Слайд #19
Күзүндө , жазында айлана-чөйрөнү тазалаганда да таштандыларды өрттөшөт. Бул дагы абанын булганышына алып келет.

Слайд #20
Кыргыз элинде «жаныбарларга тийсе убал болот»дешкен. Үйгө сойлоп кирген жыланды да өлтүрбөй, айран, сүт, ун чачып чыгарышкан.
«Кожожаш», «Карагул ботом», деген дастандарды «Бугу эне» жомогун айтып, балдарын «Жаныбарларга тийбе» деп тарбиялашкан.

Слайд #21
Ата-бабаларыбыздын осуяттарын унутпай жүрөлү. Кыргыз жери өзүнүн кооздугу менен даңктуу.
Ата Мекенибиздин жаратылыш байлыктарын көздүн карегиндей сакташыбыз керек.

Слайд #22
Жаратылышты сактоо үчүн эмне кылышыбыз керек?
Күнүмдүк жашообузда сууну. Электр энергиясын үнөмдүү пайдаланып, жылуулукту сактоо керек. Электр станцияларында отун канчалык аз жагылса, абага зыяндуу заттар ошончо аз тарайт.
Дем алыш күндөрү суу боюнда же тоо капчыгайларына эс алганды каалашат. Адамдар көп учурда эс алган жерлерге таштандыларын таштап кетишет. Эс алгандан кийин тазалап кетүү керек.
Бак-дарактарды көп тигүү керек, айлана-чөйрөгө таштандыларды ыргытпоо керекпиз.
