Презентация на тему: "Сак уруулары жана алгачкы маилекеттер"
Cкачать презентацию: Презентация на тему: "Сак уруулары жана алгачкы маилекеттер"
Презентация по слайдам:
Слайд #1
Кыргызстан тарыхы
10-класс
§ 5.Сак уруулары жана алгачкы мамлекеттер

Слайд #2
Сабакка колдонулган медиа материалдар

Слайд #3
Сабактын максаттары
Билим берүүчүлүк: Окуучулар сак уруулары жана алгачкы мамлекеттер боюнча маалымат алышат. Теманын үстүнөн талкууларга активдүү катышышат. Карточкадагы суроолорго жооп беришет.
Өнүктүрүүчүлүк: Тема боюнча түшүнүгүн, өз оюн эркин айтуу менен элестетүүсү, кыялдануусу, кабыл алуусу, чыгармачыл ой-жүгүртүүсү калыптанат.
Тарбиялык: Окуучулар улуттар аралык ынтымактуулукту сактоого, патриоттуулукка, бири-биринин оюн уга билүүгө тарбияланышат

Слайд #4
Сабактын планы
Сактар дүйнөлүк тарыхта
Томирис ханышасы жөнүндө баян
Хунндардын мамлекети
Усун мамлекети
Дабан мамлекети

Слайд #5
Б. з. ч. VIII-III кк. Орто Азияда жана Казакстан талааларында малчылык менен жашаган эли индиялык булактарда «турлар», байыркы перстерде «сактар», байыркы гректерде «скифтер», байыркы кытай булактарында «сэ» деп аталган.
«Сак» деген термин «күчтүү эркек» (жоокер) дегенди түшүндүргөн.

Слайд #6
Зороастризм дининин ыйык китеби Авестада, Дарий Iнин мезгилиндеги байыркы персиялыктардын жазууларында кездешет. Дарий Iге баш ийген элдердин катарында сактарды үчкө бөлүшөт:
Хаумаварга сактары
Памирде (Мургаб, Фергана) жашашат.
Сака-ти-ай-тара-дарайя
Арал деңизинин түштүк-батыш тарабында жашашат.
Сак-тиграхауд
Арал деңизине коңшулаш жайгашкан.

Слайд #7
Грек тарыхчысы мындай деп жазган; «Сактардын кой баккан малчылары-скиф уруулары. Алар Борбордук-Азияны мекендеген көчмөндөр. Алар тирүү багынып бербейт, бири-бирине адилет мамиле жасайт. Алар атчан жүрүшөт жана сүт менен азыктанышат»
«Сак-тиграхауддар» короо-короо кой айдашып, үйүр-үйүр жылкыларды багышкан. Алар боз үй сымал, көчүп-конууга ылайыктуу үйлөрдө жашашып, дайыма кийизден жасалган шуңшугуй калпактарды кийишкен.
«Сак-хаумаваргалар мал чарбачылыгын, дыйканчылык менен айкалыштырып, буудай, арпа, таруу айдашкан.

Слайд #8

Слайд #9
Б. з. ч. VI-Vкк. Орто Азияда сактар эки ири союзга биригишкен:
Тиграхауд сактарына-массагеттер, абилер, апасакилер, дебектер, дахилер ж. б. кирген.
Алар Каспий деңизинен жана Узбойдон тартып, Теңир-Тоо менен Иле дарыясынын өрөөндөрүнө чейинки аймакты ээлеген. Алар Кыргызсстандын түндүгүндө жашап, мал чарбачылык менен кесиптенишкен.
«Хаумаварга сактары»-алар «хаум чөбүн урматтагандар» деп аталган. Булар хаум(кырг. чекенде) деп аталган өсүмдүктүн ашынан касиеттүү деп эсептелген суусундук жасашкан. Алар Кыргызстандын түштүгүндө жашап, дыйканчылыык менен кесиптенишкен.
1
2

Слайд #10
Сактар
Сактар үй-бүлөлөрдөн турган көчмөн жамааттарга бириккен. Б. з. ч. Vк. социалдык тенсиздик башталган.
«Падышалардын» дөбө-мүрзөлөрүнүн диаметри 50 дөн 120 м , бийиктиги 9-15 м жетет. Эң чоң мүрзөлөрдөн 4 минге чейин алтын буюмдар, карапайым адамдардыкынан бир аз гана чопо, идиштер табылган.
Сак маданиятынын эстеликтери: Чүй өрөөнүнөн, Ысык-Көлдөн, Теңир-Тоодон табылган.

Слайд #11
«Падыша дөбө мүрзөлөрү мүрзөлө»
«Дөбө мүрзөлөр»-көзү өткөн падышаларга, уруу башчыларынына, уруу башчыларына, кадырлуу ак сөөктөргө арналган. Эгерде Алтай менен Сибирде карагайдан жасалган табыт терең казылган чоң казанактын ичине жасалса, Казакстан менен Орто – Азияда өлгөн адамдын сөөгү жатуучу жай 6-7 метрлик карагайлардан үй сыяктуу тегиз жерге жасалып, үстүнө дөбө үйүлгөн. Дөбө мүрзөлөрдүн баары алгач таш, шагыл менен, андан кийин чий, чычырканак менен жабылып, алардын үстүнө топурак үйүлгөн. Эң чоң дөбө мүрзөлөрдүн диаметри 100-120 метрге, бийиктиги 20-30 метрге жеткен. Мындай дөбө-мүрзөлөр түндүктөн түштүктү көздөй катары менен жайгашкан. Ушундан улам кыргыздар «желе дөбө» деп аташат.

Слайд #12
“Массагеттер скифтердикине окшош кийим кийишкен жана жашоо-тиричилиги да окшош. Алар атчан да, жөө да катарга тизилип согушат. Алар адатта жаалар, найзалар жана жоокердик айбалталар менен куралданышкан. Алардын бардык буюмдары алтындан жана жезден. Бирок найзалардын, жебелердин учтарын, жоокердик айбалталардын мизин жезден жасашат, ал эми баш кийимдерин, курду, кылычтын кынын жана боосун алтын менен кооздошот. Ошондой эле аттарына да жез көмөлдүрүктөрдү тагышат. Жүгөн нокто, басмайылдарын алтын менен кооздошот. Темир менен күмүш алардын күндөлүк турмушунда такыр жок, анткени бул металлдарды ушул өлкөдөн такыр жолуктура албайбыз. Бирок ал жерде алтын жана жез абдан көп.
.... Сактар (скиф уруулары) баштарына төбөсү шуштугуй, тик турма баш кийимдерди кийишкен. Алар шым кийишкен, сак жаалары жана канжарлары менен куралданышкан. Андан сырткары аларда сагаристер-кош миздүү жоокердик айбалталар болгон. Булар амюргий сактары деп аталган уруулар болуп эсептелет. Перстер анткени бардык скифтерди сактар деп аташкан”.
( Гредот.”Тарых”)

Слайд #13
Грек тарыхчысынын айтуусу боюнча Орто Азияда;
“жаа менен атуучу дүйнөдөгү бардык жаачылардын ичинен эң эле чебер, бир дагы жебесин текке кетирбеген сактар байырлашкан»

Слайд #14
баянТомирис жөнүндө
Б. з. ч. 530-ж. Персиянын падышасы Кир II тиграхауд сактарын талкалоо үчүн 200 миң күчтүү аскери менен аттанат. Бул согушта сактардын башында ханыша ТОМИРИС турган. Адам каны суудай аккан бул кыргында перстер жеңилип, дүйнөлүк бийликке умтулган Кир II каза болот. Бул салгылашта өзгөчө эрдик көрсөткөн сактардын гвардиясы «кыргычтар» т. а. кыргын салуучу жоокерлер кыргыздар» деп аталган маалымат бар.
Томирис жөнүндө маалыматтарды грек тарыхчысы Геродот өз эмгегинде жазып калтырган.

Слайд #15
Б. з. ч. 519-518-жж. Ахемениддер династиясынын падышасы Дарий I сактарды баш ийдирүүгө жетишип, аларды салык төлөөгө мажбур кылат. Кыргызстандын түндүгүндө жашаган сактар Персияга каршы согуштарга катышканы менен өз жерин иран баскынчыларына тепсеткен эмес.
Сактар иран элдери менен тынчтык жана согуштук мамиледе болуп, грек-перс согуштарына (б. з. ч. 500-449-жж) катышкан. Марафон салгылашуусунда (б. з. ч. 490-ж.) сак атчандары каарман эрдиктерди көрсөткөн. Сак жоокерлери Грецияны, Египетти басып алууга перстерге чоң жардам берген. Вавилондун жана Египеттин шаарларында сактардын аскер кыштактары болгон.
Сак жоокерлери Дарий I дин мезгиилинде

Слайд #16
Б. з. ч. 331-ж. Македонскийдин аскерлери перстер менен сактардын аскерлерин жеңип, 329-ж. Сыр-Дарыянын жээгине чыгат. Бул мезгилде сактар өздөрүнүн мамлекетин негиздеп, курал-жарагы боюнча грек-македондуктардан кем калган эмес.
Александр Македонский менен сактардын чечүүчү салгылашуусу б. з. ч. 329-ж. Сыр-Дарыянын жээгинде болгон. Орто Азиянын элдери күрөштө жеңилген, баскынчылардын күч-кубаты да начарлаган, натыйжада Македонскийдин Индияга жүрүшү кечеңдеген. Индияга жортуулдан кийин Александр Вавилонго кайтып келип, б. з. ч. 323-ж. капысынан дүйнөдөн кайткан.
Александр
Македонский

Слайд #17
Александр Македонскийдин кол башчысы Селевк б. з. ч. 312-ж. өзүнүн жаңы Грек-Бактрия мамлекетин (б. з. ч. 312-64-жж) негиздеген. Бул мамлекеттин эң чыгышындагы шаар Антиохия шаары-азыркы Өзгөндүн жанында болгон деп божомолдошот.
Б. з. ч. II к. дарыянын аркы өйүзүндөгү сактарды хунндар тарабынан Чыгыш Түркстанга сурүлүп келген юэджилер (тохарлар) жеңип алган. Юэджилер сактар менен биргелешип Грек-Бактрия мамлекетин талкалашат. Хунндардын империясы күч алып турган мезгилде өз алдынча болууга умтулган усундар б. з. ч. II к. ортосунда Борбордук Теңир-Тоого жылып, сактарды өздөрүнө каратып алган. Сактардын калган бөлүктөрү усундар менен аралашып кетишкен.
Грек-Бактрия мамлекети

Слайд #18
Хунну мамлекети

Слайд #19
Кытай булактарында хунну уруулары б. з. ч. I миң жылдыкта эскерилет. Хунндар Тынч океандан жана Түндүк Кытайдан Алтайга жана Жети-Сууга чейинки аймакты ээлеген. «Чыгыш» жана «Батыш» чөлкөмдөрүнө бөлүнүп, аларды «теңир куту» деп аталган ак сөөктөр башкарган. Хунну империясын Томан ( Түмөн) негиздеген.
Хунндарды Шанүй башкарган. б. з. ч. 209-174-жж. Модэ теңир кут башкарган. Б. з. ч. 200-ж. Модэ 300 мин аскер менен Кытайга чабуул жасап, кытай императорун 320 миң аскери менен курчоого алган. Кытай императору Гаоцзюй Модэге тизе бүгүп, ага кызын аялдыкка берип, жыл сайын салык төлөөгө мажбур болот. Ошентип экөөнүн ортосунда «тынчтык жана туугандык жөнүндө» келишим түзүлөт.

Слайд #20
Модэ
шанүй

Слайд #21

Слайд #22
Модэге коңшулаш Дунху урууларынын өлкөсүнөн үч ирээт элчилер келет. Биринчи жолу элчилер күчкө салып Модэнин аргымагын берүүсун талап кылат, экинчи жолу Модэнин акылдуу жана сулуу аялын сурашат. Модэ алардын талабын аткарат. Үчүнчү жолу элчилер келип, эки өлкөнүн ортосундагы хуннуларга тиешелүү таштак, жайытка ылайыксыз жерди берүүсүн талап кылат. Модэнин кеңешчилери макул болгондо, анын ачуусу келип «Жер-мамлекеттин негизи! Жерин берген элдин келечеги жок!»-деп, кеңешчилердин башын алдырып, Дунху өлкөсүнө чабуул коюп, аларды талкалайт.
МОДЭ ШАНҮЙ
Модэ хан жөнүндө уламыш

Слайд #23
Усун мамлекети

Слайд #24
«Усун» этноними тарыхка кытайлык династиянын хроникасынан кирген. Тарыхчы А. Өмүркуловдун пикири боюнча «Усун» этноними байыркы түрк тиилнен которгондо «он урук эл» (ус-урук, ун-он) дегенди түшүндүрөт. Усундар сырткы келбети боюнча сакалдары кызгылт сары, көздөрү көк болгон.
Усундар Улуу Кытай дубалынын батыш жагынан б. з. ч. 160-ж. сактарды жана юэджилерди талкалап, Теңир-Тоого жана Жети-Сууга көчүп келишкен.
Орус окумуштуусу Н. Аристов 1893-ж. «Усундар жана кыргыздар же кара-кыргыздар: Батыш Тянь-Шандын калкынын тарыхы менен турмуш тиричилигинин очерктери жана анын тарыхый картографиясы боюча изилдөөлөр» деген эмгегинде : «Усундар Батыш Тянь-Шанды жердеп турган азыркыы кара-кыргыздардын түздөн-түз бабалары болуп саналат»,-деп белгилеген.
Усундар кыргыз элинин ата-бабалары болуп эсептелет.
Н. А. Аристов

Слайд #25
Байыркы Кытай тарыхында усундардын баяндалышы
«Усундардын чоң гуньмосу Чигу шаарында жашайт, Чаньандан 8900 ли аралыкта, 120 000 түтүн, 630 000 адам, аскеринин саны 188 800. Жери тегиз жана чөптүү; өлкө жаан-чачындуу жана суук. Тоолорунда ийне жалбырактуу токой жана мань дарагы өсөт. Дыйканчылык кылышпайт, ал эми малы менен суулуу жана чөптүү жерлерге карата көчүп-конуп жүрүшөт; сырткы кебетелери хунндарга окшошуп кетет. Алардын ээликтеринде жылкы көп, байлары төрттөн беш миңге чейинки жылкы кармашат. Эли кардуу, алчы-таасын жеген, арамза; дегеле жырткычтыкка шыктуу. Алардын ээлиги эң күчтүүлөрдөн болуп эсептелет.

Слайд #26
Чигу-кызыл өрөөндөгү шаар.
Чигу (Чигучен-Кытай булактарында)-“Ысык-Көл” Анлантидасынын” байыркы шаарларынын бири-Борбордук Азиянын чыгышынан келген усундардын башкы жетекчисинин ордосу. Б.з.ч. 2 - кылымда усундар Теңир-Тоону басып алышкан, ал эми алардын башкы башкаруучусу Ысык-Көлдөгү сактардын мурунку ордосун ээлеп алышкан. Ушул учурда Чигуга белгилүү Кытай саякатчысы жана Улуу Жибек жолун биринчи ачкан Чжан Цянь келген, анын ортомчулугу аркылуу 2200 жыл мурда Теңир-Тоонун тургундары менен Хань мамлекетинин ортосунда мамилелер түзүлгөн.
Чигу көчмөндөрдүн шаары болгон. Алар мында кийиз боз үйлөрдө жана сүйрөмө үйлөрдө жашаган. Чжан Цяндын саякатынан кийин Кытай менен байланыш түзүлгөндөн баштап усун мамлекетинин өкүмдарлары кытайдын башкаруучу династиясынын кыздарын аялдыкка ала башташкан жана шаарда алар үчүн кытай стилинде үйлөрдү курушкан.

Слайд #27
Б. з. ч. II к. ортосунан тартып усундар менен Хань династиясынын чоң саясатына тартылат.
Б.з.ч. 117-ж.
Чигу шаарына кытай тыңчысы жана элчиси Чжан Цянь келет.
Б.з.ч. 115-ж.
Кытай менен Усун мамлекети келишим түзөт.
Б.з. ч. 109-ж.
Император У-ди б. з. ч. усундарга баалуу белектерди жана күнбагга берүүгө кытайлык тектүү бийкечти коштолгон элчилерин жөнөтөт.

Слайд #28
Б. з. ч. II к. башында Усун мамлекетинин күнбагы Унгуйми такка отурганда ФЕЙВАН деген атка конгон, ал да кытайлык хан кызына үйлөнгөн. Фейван хуннуларга каршы күрөшүү үчүн Хан мипериясы менен келишим түздү.
Б. з. ч. 71-ж. усундардын 50 миң аскери кытайлыктардын 160 миң аскери биригип хунндарга кыйраткыч сокку урушкан. Натыйжада 40 мин туткун, 700 миң баш малга ээ болушту, хунндар акырындык менен кыйрап жок болгон.
Б. з. ч. 64-ж. Фейван дүйнөдөн кайтарда кытай аялы төрөгөн уулу Юаньгуймини мурасчы деп жарыялаган, бирок такка энеси хунну болгон жээни бийликке келип, КУАНВАН намын алган.
Күнбаг Ними-Куанвандын кадыр баркы жогору болгон. Ага каршы кытай аялынан уюштурулган козголоң оңуна чыккан эмес.
Бирок көп өтпөй Ними-Куанван өлтүрүлөт, б. з. ч. 60-45-жж. «хунндук» жана «хандык» бутактардын ортосунда бийлик талашуу жүргон. Б. з. ч. 45-14-жж. Цылими бийликке келип, мамлекет кубаттуулукка жетет.
Цылиминин өлтүрүлүшү менен мамлекет начарлаган, б. з. ч. 437-ж. усундар түрктөрдүн курамына кошулган. Сак-усун дөбөлөрү сакталып калган, эл аларды «желе дөбө» же «калмак дөбө» деп аташат.

Слайд #29
Күнбаг
Аксакалдар кеңеши
Мамлекеттик чиновниктер
Аскерлер
Эркин жамаатчылар
Усундардын саясий түзүлүшү

Слайд #30
Дабан мамлекети
Борбор шаары
70 шаар болгон
Дабан аргымактары дүйнөгө белгилүү болгон.

Слайд #31
Б. з. ч. I миң жылдыкта Фергана өрөөнүндө жайгашкан. Дыйканчылык маданияты өнүккөн мамлекет болгон. Кытай хроникаларында ал мамлекет «Даван» деп аталат. Б. з. ч. V к.
“Бохань”, “Полоно” деген аттар келип чыгат. «Фергана» жана «Дабан» аталыштары байыркы түрк тилинде «перидей сулуу жер», «ажайып кооз жер» дегенди түшүндүрөт.
ПАДЫША
Аксакалдар кеңеши
Айылдык эркин общиналар
Элдик кошуун (60 миң)

Слайд #32
Дабан мамлекетинин кытай империясы менен согушу
Кытай менен согушуу
Император У-ди б. з. ч. 105-ж. усундар менен шериктештик түзүп, Дабан мамлекетин басып алууну чечкен.
Аргымактарды сурап келген кытай элчилерин өлтүрүп койгондугу үчүн полководец Ли Гуанли 6 миң атчан менен келген. Кошуун Ю шаарын басып алганы менен көп жоготууга учураган.
Б. з. ч. 101-ж. 100 миң аскер менен Ли Гуанли кайра жортуул баштап, Эрши шаарын Моцай деген чыккынчы аркылуу жеңип, падышасы Мугуа өлтүрүлгөн. Ли Гуанли кетери менен Моцай өлтурүлүп, Чаньфын болот.

Слайд #33
Байыркы кытай булактары (Н.Я.Бичуриндин котормосунан). “Даван башкаруучусунун Гуйшани шаары Чаненден 12250 ли аралыкта. Калкы 60 миң үй-бүлөдөн, 300 миң адамдан турат. Даван жергесинин бүткүл аймагында жүзүмдөн шарап ачытышат. Бай адамдар жүзүм шарабынын мол запасын сакташат. Ал бир нече жыл бою бузулбай тура берет. Давандыктар жүзүм шарабын жакшы көрүшөт, алардын аттары болсо му-су чөбүн (бедени) жешет. Даванда жетимиштен ашуун шаар бар. Аргымактары аябагандай көп.
Аргымактары тердегенде кызгылт тер чыгат. Ал аргымактар жылкылардын асман тукумунан пайда болгон деген легенданы айтышат. Давандан ары батыш жакта Аньси (Персия) мамлекети бар, алардын сүйлөгөн сөздөрүндө чоң айырмачылыктар болгону менен тилдери окшош, сүйлөшө келгенде бири-бирин түшүнүшөт. Жашоочулары чуңкур көздүү, калың сакалдуу, соодага жөндөмдүү келишет, пайда көрүү жагынан бири-бири менен эрегишип турушат. Аялзаттын сыйлашат, аялы айткан сөздү эркектери эч качан жерде калтырышбайт. Ал жерде шайыны, лакты колдонушканы менен чоюн буюмдарды куюшканды билишбейт. Жакырданган кытай элчилигинин кызматкери сатылып кетип, аларды курал куюуга үйрөтүшкөн...”

Слайд #34
Темага карата суроолор::
Сактардын кыргыз тарыхы менен байланышын айтып бергиле.
Сактардын коомдук түзүлүшү кандай болгон?
Томирис ким болгон?
Хунндардын мамлекетинин өзгөчөлүктөрү кайсылар?
Усун мамлекетине мүнөздөмө бергиле.
Дабан мамлекетинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып бергиле.

Слайд #35
Көңүл
бурганыңыздар
үчүн рахмат!
