Биология
Читать

Биология "Балыктар чоң классы"

Cкачать презентацию: Биология "Балыктар чоң классы"

Вставить эту публикацию

Вставить код

    Ничего не найдено.
Click here to cancel reply.

Презентация по слайдам:


Слайд #1

7-класс. Биология
Ачык сабак
Мугалим: Абдандил к Акылай
Ихтиология өлкөсүнө саякат

Слайд #2

Сабактын темасы:Балыктар чоң классына
жалпы мүнөздөмө

Слайд #3

Слайд #4

Сабактын тиби: Аралаш
Предмет аралык байланыш:
Сүрөт,музык,табият таануу,география

Сабактын формасы: Стандарттуу

Сабактын түрү: Саякат сабагы

Сабактын усулу: Интерактивдүү


Слайд #5

Балдар бүгүн силер менен
бирге «Ихтиология» өлкөсүнө
саякатка чыгабыз.
Саякатка чыгууга үй тапшырмасы
жолтоо болуп жатат. Үй тапшырмасы балыктарды торго түшүрүп алыптыр.
Кана балдар,үй тапшырмасындагы
Суроолого жооп берүү менен
балыктарды торунан чыгуугу жардам берип, жолубузду улайлы

Слайд #6

Балдар тордон чыгып кетүүбүзгө
жардам бергиле.

Слайд #7

Балыктарды
тордон куткарууга
«Акылдуу
дельфин» жардамга
келет.

Слайд #8








Үй тапшырманын суроолору:
1.Челдүүлөр же личинка хордалуулар тибине кирүүчү жаныбарлар кайда кездешет?
2.Челдүүлөрдүн мүнөздүү белгилери кайсылар?
3.Челдүүлөр кайсы белгилери менен хордалуулар тибине кирет?
4.Тегерек ооздуулардын мүноздүү белгилери кайсылар?
5.Тегерек ооздуулар кайда кездешет?
6.Склети эмнеден түзүлгөн?
7.Тегерек ооздуулардын тамак сиңирүү системасынын өзгөчөлүгү эмнеде жана эмне менен азыктанат?



Слайд #9

Балыктарды үй тапшырмасынын
торунан чыгарып.
Аквариум оюнзоок паркына барып
эс алабыз.

Слайд #10

Аквариум оюну
Аквариум оюнзоок паркында
сырдуу балыктар
катылган

Слайд #11

Слайд #12

Балыктар өлкөсүнө кош келиниздер!
Жаңы тема:Балыктар чоң классына
жалпы мүнөздөмө

Слайд #13

Балыктар классы бардык суу чөйрөсүндө тараган.Алардын денесинин формасы сууда сүзүүгө ыңгайлуу.Балыктардын 20 минден ашуун түрлөрү белгилүү. Кыргызстанда 79 түрү жана түрчөсү бар.
Жашоо чөйрөсү. Балыктардын байырлоочу жерлери : Тузсуз суулар, деңиздер,дарыялар,көлдөр ж.б Балыктар байырлаган жерлерине карата 3 топко болүнөт: деңиз балыктары,тузсуз суу балыктары ,көчмө балыктар.Деңиз балыктары дайыма деңизде жашайт .Мисалы,акулалар. Деңиздин тубүндө көөкөрчөктөр,камбалалар байырлайт.Тузсуз сууда жашаган балыктардын тиричилиги көлмөлөрдө,дарыяда,агын сууларда өтөт. Көчмө балыктар көбөйүү үчүн дарыяга чыгат же дарыядан деңизге өтөт.

Слайд #14

Балыктардын көп түрдүүлүгү
Угорь
Севрюга
Камбала
Судак

Слайд #15

Балыктын сырткы түзүлүшү
Бакалоор
калпакчасы
Оозу
Көкүрөк
сүзгүч
Курсак сүзгүч
Аналдык сүзгүч
Куйрук сүзгүч
Каптал сызык
Арка сүзгүчтөрү
Тери жаргакчасы

Слайд #16

Балыктардын дене кабырчыктары
1 жыл
2 жыл
3 жыл
4 жыл
Кабырчыктагы шакекчелердин саны
Балыктардын денеси кабырчыктар менен капталган. Кемирчектүү балыктардын денеси тиштүү кабырчыктар менен капталган. Сөөк-кемирчектүү балыктардын денесинде беш катар кабырчыктар жайгашкан.Кабырчыктар бирдей өспөйт .Анда жазы жана ичке шакекчелердин саны менен балыктын жашын билүүгө болот.

Слайд #17

Балыктын скелетинин түзулушү
Көкүрөк омурткалары
Куйрук сузгүчүнүн
скелети
Аналдык сүзгүчүнүн
скелети
Бакалоор каапкагы
Көкүрөк сүзгүчүнүн
скелети
Ийин курчоосу
Баш сөөгү
Арка сүзгүчүнүн скелети
Кабыргалары
Омуртка тутуму
Балыктардын склети кемирчектен жана сөөктөрдөн турат . Анын негизин омуртка тутуму түзөт.Омуртка тутуму омурткалардан турат. Тулку бой омурткаларына кабыргалар бекийт. Омуртка каналдын ичинде жүлун жатат.Баш сөөгү мээ кутучасынан жана жаак сөөктөн, бакалоор капкакчасынан турат.

Слайд #18

Булчуңдары
Булчуңдар тери каптоосунун астында жайгашкан.
Булчуңдар дененин арка жана куйрук жагында жакшы өрчүгөн.Жаактарында ,
бакалоор капкактарында , көкүрөк сүзгүчтөрүндө өзүнчө булчуңдар болот.

Слайд #19

Тамак сиңирүү системасы.
Балыктар өсүмдуктөр,кумурска сымалдар,
личинкалар,жаныбарлар менен азыктанат.
Көпчүлүгүнүн тиши жок.Балыктар азыгын ооз көңдөйүнөн кулкунга жиберилет.Азык кулкундан кызыл өңгөчкө келип, андан карынга ,андан ичегиге өтөт. Карында бездер бөлүп чыгарган зилдин таасири менен азык иштетиле баштайт.Азыктын сиңиши ичке ичегиде жүрөт.Ал эми азыктын сиңбеген калдыктары арткы ичегиге келип ,аналдык тешик аркылуу сыртка чыгарылат.

Слайд #20

Балыктын ички түзүлүшү

Слайд #21

Сүзгүч тарсылдагы.
Жука челдүү,ичи абага толгон,жуптуу жана жупсуз орган.Балык суунун тереңдигине түшкөндө балыктын денесинин тыгыздыгы жогорулайт. Сүзгүч тарсылдагынын көлөмү кичирейет,ичиндеги аба канга өтөт.Балык суунун үстүнө чыкканда дененин тыгыздыгы төмөндөйт. Сузгүч тарсылдагынын көлөмү чоңоёт.

Слайд #22

Бакалоордун түзүлушү жана дем алуу системасы
Бакалоор капкакчалары
Бакалоор
кыргактары
Бакалоор
желбирекчелери
Бакалоор догосу
Балыктардын дем алуу органдары бакалоор . Ал
Бакалоор доголорунан турат. Суу ооз көңдөйүнөн ,кулкундун капталдарындагы бакалоор жылчыктары аркылуу өтүп турат. Балыкта газ алмашуу процесси бакалоордо жүрөт. Балыктар сууда эриген кычкылтек менен дем алат.

Слайд #23

Кан айлануу системасы
Вена
Жүрөктүн дүлөйчөсү
Жүрөктүн
карынчасы
Курсак толтосу
Жүрөгү
Кан алып баруучу
арка артериясы
Курсак толтосу
Балыктардын кан айлануу системасы 2 бөлүктөн турат:
Жүрөк дүлөйчөсүнөн жана жүрөк карынчасынан.Вена каны жүрөктүн дулөйчөсүнөн карынчасына барат.
Арка артерияларынан майда тамырлар аркылуу кычкылтек,азык заттар клеткага,ткандарга тарайт.Көмүр кычкыл газы канга өтөт,вена канына айланат.

Слайд #24

Бөлүп чыгаруу системасы.
Бөйрөгү узун тасма өңдүү кызыл-күрөң түстөгү жуп орган.Бөйрөгү башка омурткалуу жаныбарларга караганда чоң. Кандын курамындагы организмге керексиз заттар жуп бөйрөктөн , эки тутүкчө аркылуу табарсыкка барып, андан сыртка чыгарылат.

Слайд #25

Нерв системасы
Балыктардын нерв системасы мээден,жүлүндөн жана алардан чыккан нервдерден турат. Мээси беш бөлүктөн турат. Алдыңкы,аралык ,
ортоңку, каракуш,сүйрүмээге бөлүнөт.
Алдыңкы мээде жыт билүү борбору жайгашкан.Ортоңкү мээ жакшы өрчүгөң.Каракуш мээ балыктардын кыймылын жөнгө салат. Сүйрү мээ баш мээнин жүлүн менен байланыштырып турат. Жүлүн омуртка каналдын ичинде жайгашкан.Жүлүндүн оң жана сол жактарынан нервдер чыгып,сүзгүчтөрдун,органдардын кызматын жөнгө салып турат.
Жүлүн
Мээси
Нерв
1.Алдыңк мээ
2.Ортоңку мээ
3.Кара куш
4.Сүйрүү мээ
5.Аралык мээ

Жыт билүү
нерви

Слайд #26

Сезүү органдары
Жыт билүү органдары –бир жуп таноосу.Туюу функциясын балыктардын каптоосу,башындагы мурутчалары аткарат. Эриндеринде жана ооз көңдөйүндө даам билүү бүдүрлөрү жайгашкан.Көздөрү жакшы өрчүгөн.Баш сөөгүндө ички кулагы жакшы жайгашкан.Балыктардын каптал сызык органдары сезүү кызматын аткарат.Каптал сызыктары менен суу агымынын багытын,күчүн аныктайт.

Слайд #27

Балыктардын көбөйүшү жана өрчүшү
Балыктардын көпчүлүгү –айрым
жыныстуу жаныбарлар. Балыктардын жыныс кклеткалары жетилген мезгилде уругун таштоо үчүн ыңгайлүү жерге которулат. Мындай балыктар өтмө балыктар деп аталат.Урук чачуу убагында балыктар үйүргө чогулуп,өңдөрү өзгөрөт. Балыктын ургаачысы икрасын чачкандан кийин эркектери уруктандырат.Жумуртка клеткасы уруктангандан кийин көп клеткалуу түйүлдүк өрчүйт.Икралардан личинка өрчүйт,ал чабак д.а Тикен балыктын ургаачысы уясына 60-70тей икра таштагандан кийин эркеги кайтарып,уясын тазалап,ага таза суу киргизип турат.

Слайд #28

Балыктардын чарбалык мааниси
Балыктардын жаратылышта жана адам тиричилигинде мааниси абдан чоң. Балыктар жаратылышта азыктануу тизмегине кирет. Кармалган балыктардын көбү тамак-ашка колдонулат.Балыктын эти даамдуу ,тез сиңимдүү ,
организм үчүн керектүү аш болумдуу заттар көп.
Балыктардан балык майы,витаминдерди алышат. Акулалардын боорунан дары, техникалык майлар алынат. Балыктардын сүзгүч тарсылдагынан баалуу желим жасалат. Балыктардын сүзгүч тарсылдагынан кийимдерди жасалгалоо үчүн бүюмдар алынат.