Презентация на тему
Читать

Презентация на тему "Зордук -зомбулук "

Cкачать презентацию: Презентация на тему "Зордук -зомбулук "

Вставить эту публикацию

Вставить код

    Ничего не найдено.
Click here to cancel reply.

Презентация по слайдам:


Слайд #1

«Ата-энелер мектеби» программасынын негизинде
«Зордук-зомбулук жана анын баланын өнүгүүсүнө тийгизген таасири»
деген аталыштагы мастер-классты сунуштайбыз!

Слайд #2





Урматтуу ата-энелер, сиздер кандай сөздөр менен балдарды эркелетесиздер?

Айтып көрөлүчү.

Слайд #3

Жан жыргаткан
эң жакшы сөздөр айтылды.
Эң көп айтылган 4 сөздү тандап алалы:

Жаным
Алтыным
Берекем
Акылдуум

Ар бирибиз кезек менен ушул сөздөрдү айтып чыгабыз!

Слайд #4

Анда эмесе,
аталган жакшы сөздөр менен
4 топко бөлүнүп отурабыз!

Слайд #5



Урматтуу ата-энелер, алгач зордук-зомбулук деген сөздүн маанисин чечмелеп алсак

Зордук-зомбулук деген сөздү ким кандайча түшүнөт?

Слайд #6




Зомбулук - бул адамдын эркин чектөө, анын үстүндө бийликке ээ болуу жана башкаруу максатын көздөгөн, системалык түрдө кайталанып туруучу адам эркине каршы физикалык, психологиялык, экономикалык жана сексуалдык мүнөздөгү таасир этүүчү актылар.
Бүгүн биз үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук тууралуу сүйлөшөбүз жана бир чечимге келебиз.
Үй-бүлөдөгү зомбулуктун түрлөрү:
1. физикалык
2. сексуалдык
3. психологиялык
4. камкордуктун жоктугу

Слайд #7



Анда эмесе, бөлүнгөн чакан топтордо кырдаалдарды аныктап иштеп көрөлү
Бул кырдаалдар зомбулуктун кайсы түрүнө кирерин аныктайбыз
«ЖАНЫМ» тобуна кырдаал
Эркин ар дайым атасына чуркап келип, өзүнүн мектептеги көргөн-билгени менен бөлүшчү. Бүгүн да мектептен келип:
-Ата, Марат бүгүн күрөштөн биринчи орунду алды - деп сүйүнчүлөдү.
- Сенчи? -деп сурады атасы
- Мен экинчини алдым-деди Эркин.
- Акмак! Мараттан эмнең кем? Сенден эч нерсе чыкпаарын билгем! Бар апаңа жардамдаш!-деп кыйкырды. Ошондон бери Эркин күрөшкө барбай турган болду. Үйдөн күрөшкө деп чыгат да, башка жакта жүрүп келет. Атасынын ачуусу андан да күчөдү. Эркин үйдөн кача турган адат тапты.

Слайд #8

«АЛТЫНЫМ» тобуна кырдаал

Канымжан өзү мүнөзү түнт кыз. Жүрүш-турушу үлгүлүү, үйдөн эч чыкпайт. Сабакты орто окуса да эч калтырбайт. Быйыл 8-класска келип, саал бой жете калды. Анын мүнөзүндө өзгөрүү болду. Чоң энесинин тарбиясынанбы, айтоор такыр эле эч кимдин жүзүнө карабайт. Айрыкча, Надыр таекеси кирип келгенде, андан аябай сүрдөгөндөй, турарга жер таппай калат. Чоң энеси небересин нысаптуу деп коёт.




Слайд #9








«БЕРЕКЕМ» тобуна кырдаал
Айнура менен Марат Бишкек шаарынын Дордой конушунда батирде турушат. Өздөрү керели –кечке базарда соода кылышат. 3 эркек баласы бар. Улуусу 15 жашта, ортончусу Эсен 12 жашта, кичүүсү 5 жашар. Эмнегедир Эсен азып кетти, кийинки учурда бөйрөк тушу ооругандай болуп ыңкыйып басат. Улуу агасынын айткан сөзүн мыйзамдай көрүп, так аткарат. Айнура менен Марат улуу баласынын алардын жогун билдирбей инилерин карап жаткандыгына ыраазы болушат. Бирок Эсендин азып баратканын көп деле капарына алышпайт.

Слайд #10

«АКЫЛДУУМ» тобуна кырдаал
Жоодар акылы тетик эле бала. Бирок сабакты көп калтырат. 4-класска келип калганына карабай шар окуй албайт, үй тапшырмаларын аткарбай келет. Кийимдери кир, бети-башы шакмар болгондуктан аны балдар да бөлүп, кошушпайт. Кичинерек кезинде жактырбаганды билбей эле аралаша берчү, анын үстүнө балдар да бөлгөндү анча билчү эмес. Эми өзү аябай тартына турган болду. Ата-энесине мугалимдин кайрылуусунан эч натыйжа чыккан жок.

Слайд #11

Физикалык зомбулукка: сабоо, денесине залака келтирүү, көгөртүү, тытуу, сындыруу, күйгүзүү, чачын жулу ж.б.

Слайд #12

Сексуалдык кордук – ички органдарына залака тийгизүү, жыныстык органдарды көрсөтүү, шылдыңдоо ж.б.

Слайд #13

Психологиялык зомбулук – кыйкыруу, коркутуу, катаал мамиле, карабай коюуу, сындоо, тилдөө, шылдыңдоо, күлүү, жемелөө ж.б.

Слайд #14

Камкордуктун жоктугу - баланын негизги муктаждыктарына көңүл бурбоо ((тамак-аш, кийим-кече, турак-жай, медициналык тейлөө ж.б)

Слайд #15

Урматтуу ата-энелер, эми ушундай зомбулуктун түрлөрүнөн жабыркаган балдар кандай жаракат алышат деп ойлойсуздар?

Ар бир топ сиздерге берилген кырдаал бонча кыска жооп берсеңиздер!

Слайд #16

Демек, кайсы гана зомбулуктун түрү болбосун,
эң негизи, балдар түбөлүккө жан дүйнөсүнө оор жаракат алышат экен.
Ушуну ар бир ата-эне билиши керек!

Слайд #17


Кийинки тапшырма:
ушул айтылган көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун издеп көрөлү, алар кайсылар?
- Бул көйгөйлөрдү кантип чечсек болот?

- Жолдорун көрсөтүп бериңиздер?

- Канткенде зомбулук азаят?
(Оозеки жооп берсеңиздер!)

Слайд #18

Чечүү жолдору:

Слайд #19

Зомбулукту жоюу үчүн эң алгач ата-энелердин педагогикалык маданиятын жогорулатыш керек!
Үй-бүлөдөгү кош көңүлдүк, аша чабуу, тарбиянын баалуулугун жана зарылдыгын түшүнбөө, тарбиялоону билбегендик, жөндөмсүздүктөн, кайдыгерликтен ж.б. зомбулук келип чыгат.
Үй-бүлөдөгү моралдык-психологиялык климатты, атмосфераны, тарбияга болгон мамилени өзгөртүүгө чакыруу жана жардам берүү зарыл.


Слайд #20

Слайд #21

Слайд #22

Дүйнө жүзүндө бардык кесиптерге окуса болот. Болгону, ата жана эне болуу кесибине окутушпайт. Биздин балдарыбыз турмуш курууга даяр, ал эми ата-эне болууга такыр даяр эмес.
Ошол себептен, учурда жаш жубайларга алдын ала үй-бүлө куруу боюнча кеңири маалымат беришибиз керек. Ал үчүн ар бир мектепте «Ата-энелер мектеби» жакшы иштеши керек.

Слайд #23

25 жыл эксперимент жүргүзүп, изилдеп жүрүп, тарбиянын тамырын тапкан.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими
ГАПЫР МАДАМИНОВ

Слайд #24


- ата-энелер балдарына жакшы сөз айтпай калгандыктан;
-ата-энелер тарбиянын баалуулугун билбегендиктен;
- ата-энелер балдарга мээрим төкпөй калгандыктан;
- Ата-энелер балдарга убакыт таппай, материалдык байлыкка умтулуп кетишкендиктен;
- Ата-энелер китеп окубай калышкандыктан;
- Ата-энелер мектеп менен байланышты үзгөндүктөн;
- ата-энелер өздөрүн биринчи тарбиялабагандыктан.
АНТКЕНИ
Эмнеге зомбулук күч алды?

Слайд #25

Г.Мадаминовдун уникалдуу эрежелери:
1. Мен, бүгүндөн баштап, баламдын каталарын, кемчилигин такыр көрбөймүн! (көздү жумабыз)
2. Мен, бүгүндөн баштап, балдарымды жаман сөздөр менен урушпаймын! (оозду жабабыз)
3.Мен, бүгүндөн баштап, чын дилимден балдарыма сүйүү, мээрим төгөмүн! (жүрөктү кармайбыз)
4. Мен, бүгүндөн баштап, өзүмдү тарбиялаймын! (честь беребиз)
5. Мен бүгүндөн баштап, балдарымдын жакшы иштерин гана байкаймын, көрөмүн! (дүрбү салабыз)

Слайд #26

Үйгө тапшырма:
1. Канча балаңыз болсо, ошончо балаңызга жолугушуу уюштуруңуз, 1-2 минута катуу кучактап бооруңузга кысыңыз!
2. Эң сонун мактоо сөздөрдү балдарыңызга айтыңыз, сүйүүңүздү билдириңиз!
3. эгер буга чейин балаңызды таарынткан, урушкан болсоңуз, кечиришүүгө барыңыз,!

Слайд #27

Күнүгө балаңызга төмөнкү сөздөрдү айтыңыз:

МЕН СЕНИ ЖАКШЫ КӨРӨМ!
МЕН СЕН МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАМ!
КЕЛЧИ БООРУМА КУЧАКТАЙЫН!
КЕЧИРЧИ МЕНИ!
МЕН СЕНИ УГУП ЖАТАМ!
СЕНИН КОЛУҢАН БААРЫ КЕЛЕТ!
МЕН АР ДАЙЫМ СЕН МЕНЕН!
ЭЧ КАЧАН АРТКА ЧЕГИНБЕ!

Слайд #28

Сабакты даярдаган:

Суранова Сара Имадыловна

Слайд #29

Көңүл бурганыңызга чоң ыракмат!