ПРЕЗЕНТАЦИЯ на тему: Ибадат
Читать

ПРЕЗЕНТАЦИЯ на тему: Ибадат

Cкачать презентацию: ПРЕЗЕНТАЦИЯ на тему: Ибадат

Вставить эту публикацию

Вставить код

    Ничего не найдено.
Click here to cancel reply.

Презентация по слайдам:


Слайд #1

9-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАР ҮЧҮН

ПРЕДМЕТ:«ДИНДЕРДИН ӨНҮГҮҮ
ТАРЫХЫ»

Слайд #2

Баарыңарга жагымдуу маанай калаймын

Слайд #3

ӨТҮЛГӨН ТЕМАНЫ КАЙТАЛОО
БАЛДАР ӨТҮЛГӨН САБАКТА КАНДАЙ ТЕМА ӨТКӨНБҮЗ?
ИБАДАТ?
ИБАДАТ арапча «абада» деген сөздөн келип моюн сунуу дегенди билдирет. Ислам дининде чын көңүлдөн жакшы ниет менен Аллах ыраазы болгон иш-аракеттери.
Ибадаттын турлөрү?
Келиме айтуу-мусулманчылыктын 1-шарты, намаз, орозо, зекет, ажылык.

Слайд #4

ЖАНЫ ТЕМА: ИБАДАТ
Балдар дептериңерге «Ибадат» деп жазгыла. Бул тема бизге эки сабакка коюлган. Бул теманы китебиңерде 47-53-беттерден, силер учун даярдалган слайддан маалымат аласынар.

Слайд #5

Ибадат
Ибадат сөзү араб тилинен алынып, «моюн сунуу, кулчулук кылуу, сыйынуу» деген маанилерди билдирет. Диндеги мааниси болсо − Аллага сый-урмат көрсөтүү, Алланы сүйүү, анын ыраазылы
гына жетүү ниетинде жасалган иш-аракеттер. Ислам дининде адам баласынын жаралуусунун негизги себеби да ибадат экени айтылат. Куранда Алла Таала: «Мен жиндер менен адамдарды мага ибадат кылуусу үчүн гана жараттым», – деп айткан.

Слайд #6

ИБАДАТТЫ АТКАРУУДАГЫ ЖООПКЕРЧИЛИК
Ибадатты аткара турган жоопкер кишини «мукаллаф» деп атайбыз. Жоопкерчиликтин негизги үч шарты бар. Алар:
Мусулман болуу. 2. Акыл-эси толук болуу. 3. Балакатка жетүү
Ар бир парз ибадаттын да кошумча шарттары бар. Мисалы, ажылык ибадатын аткарам деген киши үчүн бул үч шарттан сырткары жолуна, өзү кеткенден кийин үйбүлөсүнүн жашоосуна жеткендей каражаты болушу шарт. Бул шарттар болбосо, ажылык парз болбойт. Ошондой эле парз болгон орозону кармоо үчүн ден соолугу чың болушу керек. Оорусу күчөп кете турган кишиден же бала эмизген энеден орозо кармоо талап кылынбайт.

Слайд #7

ИБАДАТТАР

ДЕНЕ-МҮЧӨ МЕНЕН АТКАРЫЛУУЧУ ИБАДАТТАР:
НАМАЗ
ОРОЗО

МАЛ-МҮЛК МЕНЕН АТКАРЫЛУУЧУ ИБАДАТТАР:
ЗЕКЕТ

ДЕНЕ-МҮЧӨ МЕНЕН ДА ЖАНА МАЛ-МҮЛК МЕНЕН ДА АТКАРЫЛУУЧУ ИБАДАТТАР:
АЖЫЛЫК

Слайд #8

ИСЛАМДЫН ТУРКУКТОРУ(5 ПАРЗЫ)
КЕЛМЕ АЙТУУ
НАМАЗ ОКУУ
ОРОЗО ТУТУУ
ЗЕКЕТ БЕРУУ
АЖЫГА БАРУУ

Слайд #9

1. Келме айтуу.
Келме Исламда Аллага ишенүүнү билдирүүчү сөз. Келмеде айтылганга ишенүү – Исламдын беш түркүгүнүн бири. «Ашхаду ал лаа илааха иллаллоох, ва ашхаду анна Мухаммадан абдуху ва расуулух» деп айтылат. Же «Лаа Иллааха иллалох, Мухаммадур расулуллах» деп кыскартып айтса да жарайт. Мунун мааниси: «Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок экенине, Мухаммед анын кулу жана пайгамбары экенине күбөлүк берем», – деген сөз. Кыскача «Алланын кулу жана Алладан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммед анын элчиси» дегенди билдирет. Мусулман болом деген киши сөзсүз ушул сөздү айтып, Аллага жана анын пайгамбарына ыйман келтиргенин тастыкташы керек

Слайд #10

НАМАЗ ОКУУ

Слайд #11

Слайд #12

ЗЕКЕТ БЕРУУ

Слайд #13

АЖЫГА БАРУУ

Слайд #14

ИБАДАТТЫН МААНИЛҮҮЛҮГҮ
Ибадаттын өзөгү – ыклас.Ибадат Алла Таала буюрганы үчүн гана кылынышы керек. Мындан башка ниет менен, мисалы, бирөөгө жагынуу, элге көрүнүү, мактануу сыяктуу кандайдыр бир жеке кызыкчылыктар үчүн кылынган ибадат кабыл болбойт. Орозо арыктоо үчүн кармалбайт,ажылыкка эл-жер көрүш үчүн же саякат үчүн барбайт, ал эми садага элге мактаныш үчүн берилбейт.
Алла Таала талап кылып, пайгамбарлар үйрөтүп кеткен ибадаттар адам баласына томонку сапаттарды уйротуп, дагыда бекемдейт. Мисалы, күндө беш маал намаз окуу кишиге жоопкерчиликти, туруктуулукту, тактыкты үйрөтсө, намаз окуу үчүн даарат алуу кишини тазалыкка, кийим-кечесин таза кармоого үндөйт. Ал эми орозо кишини шүгүрчүлүккө, сабырдуулукка, ден соолуктун кадырын билүүгө чакырат. Айрыкча орозо кармаган киши ачка жүргөн кедей-кембагалдын абалын түшүнүп, алар менен тамак-ашын тең бөлүшүүгө маани берет. Ал эми ажылык пендени алыс сапарга аттандырып, жолоочулуктун, мусаапырлыктын кадырын түшүндүрөт. Дүйнө жүзүнүн ар тарабынан келген мусулмандар бирибирин таанууга өбөлгө түзөт. Кыскасы, адамзат, айрыкча мусулмандар, ушул ибадаттар аркылуу аралашып, бирибирине каралашып, түшүнүшүп, адамдык сапатын сактап жашаганды үйрөнөт.

Слайд #15

СУРОО-ЖООПТОР МЕНЕН САБАКТЫ БЫШЫКТАЙБЫЗ:
1)Ибадат эмне?
2)Ибадаттын тҮрлӨрҮ, жол-жоболорун чечмелегиле?
3)НАМАЗ ЭМНЕНИН АЧКЫЧЫ?
4)биз бул «ибадат» темасынан кандай сапаттарды үйрөндүк?



Слайд #16

_____________________________________
УЙГО ТАПШЫРМА:«ИБАДАТ»ДЕГЕН ТЕМАДА ДИЛ БАЯН ЖАЗУУ.



БААЛОО: Азаматсыңар балдар! Күндөлуктөрүнө бааланат.