Тологон Касымбековдун чыгармачылыгы. Кыргыз адабияты. 11-класс
Cкачать презентацию: Тологон Касымбековдун чыгармачылыгы. Кыргыз адабияты. 11-класс
Презентация по слайдам:
Слайд #1
Төлөгөн Касымбеков
Кыргыз адабияты сабагы
Мугалим: Расабекова а.р.

Слайд #2
Жазуучу Төлөгөн Касымбеков Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто мектепти бүтүп, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык советинин жооптуу катчысы болуп иштеген.

Слайд #3
Касымбеков Кыргыз мамлекеттик универси-
тетинин филология факультетин 1957-жылы бүтүрүгөн.
1960-1973-жж. "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы, башкы редактор,
1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма комитетинде башкы редактор,
1974-1981-жж. Кыргызстан жазуучулар союзунда адабий консультант,
1987-жылы ВААПтын Кыргызстандагы бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.

Слайд #4
Касымбеков 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор болуп иштеген. Сүрөттө ал калемдештери менен.

Слайд #5
Болочоктогу
жазуучу студент кезинде чыгарма жазып акча тапкан. Сүрөт студенттердин жатаканасынын жанында тартылган.

Слайд #6
Т. Касымбековдун "Кичинекей жылкычы" деген алгачкы чыгармасы 1952-жылы "Советтик Кыргызстан" журналына (кийинки "Ала-Тоо") басылган.

Слайд #7
ЧЫГАРМАЛАРЫ:
1965-жылы "Адам болгум келет" повести "Советский писатель" басмасынан орус тилинде басылган. "Сынган кылыч" тарыхый романы орус тилине которулуп, андан кийин Советтер Союзунун бардык элинин тилине которулган. 1980-жылы "Прогресс" басмасы бул романды англис тилинде чыгарган. Башка чыгармаларынын арасында Кыргызстандын тарыхын ХIХ кылымдын ортосунан баштап ХХ кылымдын башына чейин баяндаган "Келкел", "Чапкын", "Баскын", "Кыргын" деген романдарын атаса болот.

Слайд #8
Белгилүү жазуучу 1959-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 1986-жылы "Кыргыз эл жазуучусу" наамын алган.
1990-1994-жж. Кыргыз Республика-
сынын Эл депутаты, тил, маданият
жана билим боюнча, улуттар аралык парламенттик комиссиянын жетек-
чиси жана эркин Кыргызстан Жазуу-
чулар союзунун башчысы болгон.

Слайд #9
Төлөгөн Касымбеков жубайы Адаш Мырзакматова
экөө беш уул, бир кызды тарбиялап өстүргөн.

Слайд #10
СССР Жазуучулар союзунун мүчөсүнүн чыгармалары ал жылдары колдон-колго өтүп окулган. Сүрөттө залкар жазуучу окурмандары менен.

Слайд #11
Кыргыз интеллигенциясы. Москвада ак
калпак кийген Касымбеков, жанында Чыңгыз Айтматов жана калемдештери.

Слайд #12
Жазуучу коомдук-саясий турмушка активтүү катышып 1990-жылы легендарлуу парламенттин депутаты болуп шайланган

Слайд #13
Кыргыз эл жазуучусу узакка созулган оорудан улам 2011-жылы 17-июнда 80 жашында бул дүйнөдөн кайткан
