5-класс ТАБИЯТ ТААНУУ Дүйнө астрономдун көзү менен
Cкачать презентацию: 5-класс ТАБИЯТ ТААНУУ Дүйнө астрономдун көзү менен
Презентация по слайдам:
Слайд #1
5-класс ТАБИЯТ ТААНУУ
ТЕМА: Дүйнө астрономдун көзү менен.
Химия-биология мугалими
Абдирахманов А.А.

Слайд #2
АСТРОНОМИЯ ИЛИМИ
Астрономия ― ааламда болуп жаткан физикалык процесстер менен кубулуштарды талдоонун негизинде асман объекттеринин, тутумдарынын жана алардын ортосундагы мейкиндиктерди үйрөнүүчү, жалпы эле аалам жөнүндөгү илим.
АСТРОНОМИЯ
«АСТРОН»-жылдыз
«НОМОС»-мыйзам

Слайд #3
АСТРОНОМИЯНЫН ТАРЫХЫ
Астрономия илимдердин эң байыркысы. Алгачкы астрономдор жылдыздарды көрүүчүлөр деп аталган. Ал тургай үңкүр адамдары да жылдыздуу асманды байкашканы белгилүү, анткени үңкүрлөрдүн дубалдарынан чиймелер табылган.

Слайд #4
НИКОЛАЙ КОПЕРНИК
Николай Коперник 1473-ж. Польшадагы Торуни шаарында бай соодагердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Коперниктин "Асман сферасынын айлануусу" китебинде планеталар Күндүн айланасында тегерек орбита боюнча бир калыпта айланат деп жазган.
1473 – 1543

Слайд #5
АСТРОНОМИЯ ЭМНЕЛЕРДИ ТҮШҮНДҮРӨТ?
ТУМАНДУУЛУК
ЖЫЛДЫЗДАР
КОМЕТАЛАР
ГАЛАКТИКАЛАР
КҮН
АЙ

Слайд #6
КОМЕТАЛАР
Коме́та, куйруктуу жылдыз — туман менен коштолгон, Күндүн тегерегинде созулган орбиталарда айланган чоң эмес асман телосу. Кометалар күндүн айланасында өтө концентрдүү орбиталарды түзүшөт, алардын көбү жүздөгөн, атүгүл миңдеген жылдардан кийин кайтып келишет.

Слайд #7
АСТЕРОИДДЕР
Астероид - диаметри 1–1000 км чейин келген кичине планета, Күндүн тегерегинде эллипс орбитасы боюнча айланган космостук телолор. Өтө чоң астероид – Церера кичине планетасы. Анын диаметри 1003 км.
ЦЕРЕРА

Слайд #8
МЕТЕОРИТТЕР
Биздин экосистемага метеориттин тийгизген таасиринен улам динозаврлардын жок болуп кетиши жөнүндө да көп сөз болгон.
Метеориттердин аныктамасын Жер планетасына же башка жылдыздарга түшүүчү асман телосунун фрагмент катары айтууга болот. Бул таштуу дененин жылдыздын бетине жетиши керек экенин билдирет.

Слайд #9
КҮН СИСТЕМАСЫ
Күн жана аны айланып жүргөн асман телолору Күн системасын түзөт

Слайд #10
СҮЙЛӨМДӨРДҮ ТОЛУКТАГЫЛА
Марс жана Юпитер планеталарынын аралыгында ___________ деген майда планеталар бар. Эң чоң болгон астероид ________ деп аталат. Анын ____________1003 км. Динозаврлардын жок болуп кетишине _______________ таасир эткен. ___________ куйруктуу жылдыз. Жер Күн системасындагы __________ планета.
астероиддер
Церера
диаметри
метеориттер
Комета
үчүнчү

Слайд #11
ҮЙГӨ ТАПШЫРМА
АСТРОНОМИЯ илиминин өнүгүүшүнө салым кошкон натуралисттер жөнүндө чакан эссе жазуу.

Слайд #12
АДАБИЯТТАР
https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%90%D1%81%D1%82%D1%80%D0%BE%D0%BD%D0%BE%D0%BC%D0%B8%D1%8F
https://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%90%D1%81%D1%82%D0%B5%D1%80%D0%BE%D0%B8%D0%B4
https://www.meteorologiaenred.com/ky/
