Урок презентация по биологии
Читать

Урок презентация по биологии "Топурак жердин кампасы" (5класс)

Cкачать презентацию: Урок презентация по биологии "Топурак жердин кампасы" (5класс)

    Ничего не найдено.
Click here to cancel reply.

Презентация по слайдам:


Слайд #1









«Топурак жердин кампасы»
Өзгөн району Т.Ташмаматов атындагы орто мектебинин
биология мугалими
Кыдыкеева Улпат
5-класс

Слайд #2

Сабактын темасы: Топурак жердин кампасы.
Сабактын максаттары:
А) Билим берүүчүлүк:
Окуучулар топурактын курамы, топурактын маанилүү бөлүгү,топурактын калындыгы, түрлөрү жана анын эрозиядан кантип коргоосу жөнүндө маалымат алышат.
Б) Өнүктүрүүчүлүк:-окуучулардын чыгармачылык ойлоосун өнүктүрүү.
В) Тарбия берүүчүлүк: Ата мекенди сыйлоо жана коргоого тарбияланышат.


Күтүлүүчү натыйжалар:
Натыжага жете алат , эгерде окуучулар топурактын курамы, топурактын маанилүү бөлүгү,топурактын калындыгы, түрлөрү жана анын эрозиядан кантип коргоосу жөнүндө маалымат алышса.
Окуучулардын чыгармачылык ойлоосун өнүктүрүшсө.
Ата мекенди сыйлоого жана коргоого тарбияланышса.


Слайд #3


Топурак-бул өсүмдүк,жаныбар,
микроорганизмдердин өсүшү үчүн шарттарга ээ болгон жердин үстүңкү катмары.

Слайд #4


Топурактын курамында:

Аба
Топурактын курамы
Суу
Органикалык заттар
( гумус)
Кум
Чопо
Минералдык заттар

Слайд #5

Топурактын маанилүү бөлүгү (гумус), калыңдыгы.

Гумус чым көң, канаттуулардын тезеги,өсүмдүктөрдүн жана өлгөн жаныбарлардын организмдеринин бузулуп чирүүсүнөн пайда болгон каралжын түстөгү зат.

0-2 см гумус.
2-10см топурактын жуулган жери.
10-30см
Жууган жери.
30-40см эне-тукуму.

Слайд #6

Топурактын түрлөрү.
Топурак кара, токой боз, сары, каштан, шор,кызыл топурактар кездешет.

Слайд #7

Топуракты эрозиядан кантип коргоого болот?
Катуу жаандан жана катуу шамалдан кийин топурактын катмары бузулуп,эрозияга алып келет. Жердин эң жакшы коргоочусу болуп өсүмдүктөр эсептелинет.
Өсүмдүк топуракты тамыры менен бекем кармап, анын шамалдан учуруп жана жамгырдан жуулуп кетишине тоскоол болот.
Топуракта ооруларды пайда кылуучу бактериялардын узак убакыт жашоосуна шарт тузүлөт.
Мисалы: ичи өткөк оорусун пайда кылуучу микробдор топуракта 45 кун жашайт.
Ал эми ич келте оорусун пайда кылуучу микробдор 1 жылга чейин жашашы аныкталган.

Слайд #8

Сабакты бышыктоо жана жыйынтыктоо:(3 мин)
Топурак деген эмне? Топурактын курамы эмнелерден турат ?
Гумус кантип пайда болот?
Топурактын кандай турлору кездешет?
Топуракты эрозиядан кантип коргоого болот?

Слайд #9

Баалоо: окуучулар смайликтер аркылуу берген жоопторуна жана аракетине жараша бааланат.(2мин)

Слайд #10

Уйго тапшырма?
Топурактын курамын , түрлөрүн түшүмдүүлүүгун окуп, жазып келүү (1-мин)