Презентация на тему
Читать

Презентация на тему "Жаратылышты коргоо"

Cкачать презентацию: Презентация на тему "Жаратылышты коргоо"

Вставить эту публикацию

Вставить код

    Ничего не найдено.
Click here to cancel reply.

Презентация по слайдам:


Слайд #1

Саламатсыңарбы окуучулар!
Асманда күн чыгат, батат ар дайым
Жер үстүндө жаныбарлар бар дайым.
Өзөн толо суулар агат жээкти тээп,
Мунун баарын коргоо – биздин зор милдет.
Жер – бешигим, сенин, менин энебиз,
Ыйык сактап урпактарга беребиз.

Слайд #2

Тема: Жаратылышты коргойлучу, замандаш!
Бүгүнкү сабактан силер:
- Жаратылышты коргоо боюнча маалымат аласыңар;
- берилген суроолорго жооп бересиңер;
-Топто тапшырмаларды аткарып, жазасыңар;

Слайд #3

Жаратылышты коргоо
Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө илим- экология деп аталат. Грекче «экос»-үй, «логос»-илим деген сөздөрдү билдирет. Ушул байланыштарды изилдеген окумуштуулар экологдор деп аталат.

Слайд #4

Жаратылышты коргоо
Жаратылышта бардыгы өз ара тыгыз байланышта. Жаратылыштынбир бөлүгү болгон адам да айлана-чөйрөсүндөгү: жер, суу, аба жана бардык тирүү организмдер менен байланышта.

Слайд #5

Жаратылышты коргоо
Бир кезде бардык жырткычтарды: карышкыр, түлкү, айры куйруктарды аёосуз кырышкан.
Бирок карышкыр жок болгон жерде бугулар ооруй баштаган.
Түлкү жок жерде чычкандар көбөйүп, эгин-тегинге зыян келтиришкен.

Слайд #6

Жаратылышты коргоо
Жаныбарлардын жана алардын жеми өзү менен бирге көп миңдеген жылдан бери жашап келе жатат. бул мезгилдин ичинде ага да, буга да жашоо үчүн зарыл болгон жаратылыштын тең салмактуулугу калыптанган.

Слайд #7

Жаратылышты коргоо
Адам жаратылыштын тең салмактуулугун унутпоосу керек. Эгерде токойду кыркып, талкаласак ал жерде жашаган айбанаттар, бак-дарактар, өсүмдүктөр жок болуп кетет. Ошондуктан адамдар жаратылышка этият мамиле кылышы керек.

Слайд #8

Жаратылышты коргоо
Адамдар жер шарындагы жапайы айбанаттардын 270тен ашык түрүн кырып жиберишкен. Окумуштуулар тынчсызданып жаратылышты коргойлу деген ойго келип, кызыл китепти уюштурушкан. Кызыл китепке катталган жаныбарларга тийүүгө жана атууга тыюу салынган. Кимде ким кызыл китепке катталган жаныбарларды атса, же өлтүрсө айып салынган

Слайд #9

Жаратылышты коргоо
Бардык өлкөлөрдө айбанаттарды жана өсүмдүктөрдү кол тийгизбей сактоочу жайлар бар. Ал корук деп аталат. Корукта жашаган жаныбарларды атууга жана кармоого болбойт. Ошондой эле өсүмдүктөрүн дагы казууга, жулууга болбойт. Эгер тартип бузулса айып салынат.

Слайд #10

Жаратылышты сактоо үчүн адамдар эмне жасоо керек?

Слайд #11

Топтордо иштөө

Слайд #12

Үйгө тапшырма: Жаратылышты кантип коргойм?
Дилбаян жазып келүү

Слайд #13

Саламатта калгыла балдар!!

Слайд #14

Молодец!